БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту
Биз кимбиз?
«Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту» коомдук фонду –туруктуу өнүгүү концепциясын Кыргызстанда алдыга жылдыруу максатында 2012-жылы уюшулган өкмөттүк эмес уюм. Биздин командабыз биомаданий ар түрдүүлүктү кайрадан жандандыруу жана илгерилетүү Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүндөг маанилүү стратегия деп ишенет. Биз бул максатыбызга регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө салттуу жана инновациялык жолдорду табуу жана аларды ишке ашыруу аркылуу жетишебиз. Биздин фондубуздун негизги ишмердүүлүгү салттуу билимдерди жана практикаларды алып жүрүүчүлөрдүн иш-аракеттерин колдоого багытталган. Алардын ролу кылымдардан бери келе жаткан билимдерди, биологиялык түрлөрдү, искусствонун формаларын жана биомаданий объектилерин коргоп, алардын байланышын түшүндүрүп сактап калууда.
Биз кандай кызматтарды көрсөтөбүз?
Глобалдык, улуттук жана жана жергиликтүү деңгээлдеги экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө салттуу жана инновациялык жолдорду табуу жана аларды ишке ашыруу аркылуу туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү;
Жергиликтүү коомдорго алардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган ишмердүүлүктөрүнө финансылык, консультациялык, уюштуруучулук жана маалыматтык жардам көрсөтүү.
Биздин көз карашыбыз
Биз өз ролубузду жергиликтүү жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн жана көндүмдөрүн өнүктүрүү, тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн жамааттардын тармагын түзүү аркылуу алардын салттарын, үрп-адаттарын, баалуулуктарын жана ыкмаларын сактоого көмөк көрсөткөн уюм катары көрөбүз.
Миссиябыз
Кыргызстандагы экологиялык, социалдык, маданий жана экономикалык жактан туруктуу, муундар аралык үзгүлтүксүз тажрыйба жана билим алмашууга негизделген күчтүү жергиликтүү жамааттар.
Максаттарыбыз
Глобалдык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдердеги экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн салттуу жана жаңы ыкмаларын аныктоо жана ишке ашыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү.
Жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө жана алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган ишмердүүлүгүн жана демилгелерин каржылык, консультациялык, уюштуруучулук, маалыматтык жана башка түрдөгү колдоо көрсөтүү.

















