Error:

Кыргыз көчүнүн 7 эрежеси

Муратбек Баястанов эмне үчүн Кочкордо кар болбогондугу тууралуу уламышты атып берди. Кочкор районунун улуу тоолору өзүнүн шамалы менен белгилүү, бул жерде -30 градус суук кышкы мезгилде да кар жатпайт. Байыртадан эле Кыргызстандын бул бөлүгү мал жаюу үчүн колдонулган жана өзүнүн жайыт жерлери менен атагы чыккан.

Бээ саам. Совет мезгилинде бул жерлерде 100 миң башка жакын кой 50 миң гектердын тегерегиндеги жерге жайылган. Малдын саны нормадан бир топ ашып кеткен, анткени, дал ушул аймак Ленинград сыяктуу ири шаарларды эт менен камсыздап турган. Бирок жылдардын өтүшү менен мындай практика, бул аймактын жайыттарынын деградациясына алып келген.

 

Эгемендүүлүктүн келиши менен малды жаюу көзөмөлдөнбөй калгандыктан кырдаал начарлаган. Кырдаалды кандайдыр бир жөнгө салуу үчүн 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынып, жайытка кош көңүл карабаган малчылар бардык өлкө боюнча биринчи жолу жайыт комитеттерин түзүшкөн. Ошондо Чолпон айыл аймагынын жашоочулары Урмат Өмүрбековду жайыт комитетинин төрагалыгына шайлашкан. Бул кызматка ал мал чарбачылык жаатында он жылдык тажрыйбасы жана жайыт жерлеринин көйгөйлөрү менен жакшы тааныш болгондугу үчүн келген. Ал деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү боюнча кезексиз чараларды аткаруу керектигин жакшы түшүнгөн.

С приходом независимости ситуация только ухудшилась , так как выпас скота стал нерегулируемым. Чтобы как-то исправить ситуацию, был принят законопроект “О пастбищах” в 2009 году и неравнодушные животноводы создали первые пастбищные комитеты по всей стране. Тогда Урмат Омурбеков и был избран жителями Чолпонского айыльного аймака на пост председателя пастбищного комитета. На пост он пришел, имея за плечами десятилетний опыт скотоводства и хорошо знакомый с проблемами пастбищных угодий. Он понимал, что необходимы срочные меры по восстановлению деградировавших пастбищ.

 

Чолпон айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы У.Өмүрбеков:

Качан мен биздин айылдын жайыттары аянычтуу абалда экендигин түшүнгөндөн баштап, дароо биздин балдарыбызга эмнени калтырабыз деп ойлоно баштадым. Бул жайыттарда менин атам, чоң атам малдарын жайышкан, мен өзүмдүн балдарым бул жерлерде малчылык менен алектене албай кала турганын элестете албай койдум” – дейт.

3 жылдан соң Урмат Өмүрбеков жайыттарды пайдалануу жөнүндө салттуу билимдерди чогултуп, изилдей баштаган, жыйынтыгында айыл аймагындагы баарынан зыянга көбүрөөк учураган 900 гектар жерди коргоого алууну аныктоого мүмкүн болгон. Анын демилгеси “Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институту” КФ тарабынан колдоого алынган. Чөптөрдүн ар түрдүүлүгү бул аймакта жылдан-жылга калыбына келип жатат.

Image
Image

Топурактын калыбына келгенге чейинкиси жана кийинкиси.

Малчылардын тукумдарынын көп жылдык тажрыйбасы боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрү Урмат Өмүрбеков, Муратбек Баястанов жана Зарлык Жапаров жайлоодогу эң негизги 7 жүрүм-турум эрежелери менен бөлүштү:

1-эреже. Жайыттарды мезгилдүү (көктөө, жайлоо, күздөө, кыштоо) пайдалануу.

Кыштоо, жайлоо күздөө жана кыштоого арналган жайыттардын жерлерин бөлүү зарыл. Ар бир жайыт жерлери калган 3 сезондо топурагы жана өсүмдүктөрү толук калыбына келиши үчүн бир сезон аралыгында гана колдонууга болот.

2-эреже. Көчүүгө чейин жайыттардын абалын баалоонун (журт-чалуу) эрежелери.

Көбүнчө жайыт канчалык деңгээлде даяр экендигин аныктап келүү үчүн айыл аксакалы жайкы жайытка барат; жайыттардын даяр экендигинин индикатору катары аба ырайынын шарты, топурактын нымдуулук деңээли, чөптүн бийиктиги жана айрым бир өсүмдүктөрдүн өсүп чыкканы эсептелет. Кочкор районунда көбүнчө май айынын башында жайлоого көчүшөт.

Аксакалдарда конокто.

3-эреже. Коомчулук менен туруктуу байланышта болуу (ажыраш аяк – түлөө берүү) эрежеси.

Көчүүнүн астында сөзсүз түрдө кыштоодогу туугандар жана кошуналар менен коштошуу жана алардын жакшы тилектерин угуу максатында ажыраш аяк өткөрүшкөн. Көчөөрдүн астында ак дасторкон жайып, анын бетине боорсок, нан, май, каймак жайып “эски жайыт колдоо көрсөт, жаңы жайыт бизди колдо” деп бата тилешкен. Жаңы жерге көчүп барганда жайлоодогу жаңы коңшулар менен таанышуу жана жаңы жерде жашоо баштоо үчүн сөссүз түлөө өткөрүшкөн. Мындай ырым-жырымдар коомчулук менен жакшы мамиледе болууга жардам берген.

Байбиче өзүнүн жаштыгындагы көч тууралуу айтып берип жатат.

4-эреже. Жайлоого көчүү бардык малчылар, ошондой эле, жалпы айыл үчүн да ар дайым майрам болгон

Малчылар көчүүнүн астында өздөрүнүн эң сыйлуу кийимдерин кийишкен, анткени, бүт айыл аларды жапырт узаткан. Алгач ат минип айыл аксакалдары көчтүн астына түшүшкөн, андан соң байбичелер, кичинекей наристелер жана эмчектеги ымыркайлар, өспүрүмдөр, эң акыркы болуп мал менен эркектер жана жаш балдар жүрүшкөн. Эң маанилүүсү малды чарчатпай, тердетпей жүрүү керек болгон, ошондуктан бир калыпта жана жай кадам менен жүрүшкөн.

5-эреже. Журт которуунун эрежеси.

Жайлоодо 15-20 күн аралыгында ар дайым жер алмаштырып көчүп туруу зарыл, бул топурактын эрозиясын жок кылууга жана кыктын чогулушунан пайда болгон аммиакка уулануудан сактоого жардам берет. Мындай көчүп жүрүү вертикалдык алкакта ишке ашырылат.

6-эреже. Мал жаюуда малга кам көрүү эрежеси.

Жайлоодо мал максималдуу табигый оттоп жүрүшү үчүн тосулбайт жана сейрек учурда гана байланат. Алыс жактарга койлор, андан кийин ири мүйүздүү бодо малдар, күнүнө бир нече ирет саалгандыктан боз үйгө жакын жерлерге бээлер жайылат

Аксакалдар неберелерине жылкыларды кантип кароо жөнүндө айтып берип жатат.

7-эреже. Көчтү жүргүзүүгө аяр мамиле кылуу.

Өзгөчө көңүл көчүүнү таза жүргүзүүгө бурулган; таштандыларды ар дайым чогултуп, көчүп бара жатканда кошо ала кетишкен. Малга тузду таштардын үстүнө гана себишкен, анткени туз топуракты жеп, топурактын эрозиясынын пайда болушуна түрткү болгон. Аныктоочу эреже болуп көчө турган жерди өзүндөй калыбында калтыруу болгон. “Конгон журттан – көчкөн журт” деген элдик макал ошондон улам айтылып калган.

Материал “Курама Стори Лаб” КФ тарабынан даярдалган.

© 2021 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.