Error:

Туура-Суу айылындагы музейге баруунун 7 себеби

Собираясь в поездку по южному берегу Иссык-Куля не забудьте посетить село Туура-Суу – уникальное место, окутанное тысячелетними историями и легендами.

Село Туура-Суу расположено на южном побережье озера Иссык-Куль. В 2016 году в селе открылся школьный музей. Свое начало музей ведет от кружка любителей археологии, организованного учителем истории Жусупом Мамытовым. Это он увлек детей и местных жителей к сохранению богатого исторического наследия края. 

Рождению музея в школе предшествовали многие годы кропотливой работы археологов, которые благодаря помощи местных жителей продолжают и сегодня открывать новые памятники.  Мы нашли 7 причин, почему стоит посетить новый музей? 

 

Биринчи себеби. Кан-Дөбө эски шаарынын урандысы.

Туура-Суу айылынын аймагында байыркы Кан-Дөбө (Хандын дөбөсү) шаарынын урандысы жайгашкан. Байыртадан эле Кан-Дөбө аймагы жана аны курчап турган өрөөн, көп сандагы тарыхый эстеликтерди өзүнүн артынан калтырып кеткен ар кандай элдерди кызыктырган. Шаардын урандысы төрт гектерага жакын аянтты ээлеген дөбөнү элестетет. Ушул мезгилге чейин аны тоолор курчап, ал эми түндүгүнөн Ысык-Көл көлүнө чыгат. Шаар караханиддер доорунда чеп катары курулган, ал эми кан-Дөбөнүн өзү чептин борборунда ак сөөктөр жашаган жер болгон. Археологиялык изилдөөлөргө ылайык, караханиддер династациясынын бекемделишине чейин бул аймакта Чыгыш-Түрк каганатынын бир борбору катары эсептелген. Шаар урандысын казуу жана уникалдуу табылгалар Ысык-Көлдүн түштүк жээги бойлоп жүрүүчү бардык жолдорду көзөмөлүндө алган орто кылымдагы ири борбор шаар катары мүнөздөлгөн.

Экинчи себеби. Алтын жейрен.

Жарым кылым мурун Кан-Дөбө шаар урандысынын жанында жарымы ураган сактардын коргонунан Александр Македонскийдин доорун күбөлөндүргөн алтын жейрен статуэткасы табылган. Алтын скульптура сактардын уруу башчысынын баш кийимин кооздогон жана “айбандын стилине” мүнөздүү болуп аткарылган (КР тарых музейинде сакталуу). Статуэтканын көлөмүнүн кичинелигине (бир жарым сантиметр гана) карабай, анда буту горизанталдык тегиздикке кадалып, чуркап бараткан жейрендин сөлөкөтү чагылдырылган, бурчтарында баш кийимге бекитүүчү тешикчелери бар.

Коргондон табылган алтын буюм табылгасы шаар урандысынын аймагын чарбалык жактан изилдөөгө тыюу салган жана тарыхый эстеликтерди Төрткүл суу сактагычынын суусунун капташынан сактаган.

Үчүнчү себеби. Таш “балбалдары”.

Музей коллекциясын чогултуу Туура-Суу аймагындагы байыркы түрк таш скульптуралык сүрөттөрүнүн табылышынын башатына түрткү болгон. Мектептин короосунда экөө жогорку дыкаттык жана чеберчилик менен оңдоп-түзөөдөн өткөн 3 таш скульптуралык сүрөттөрү орнотулган. Бул скульптурада баш кийими бар, мурутчан эркек адамдын келбетин берген көлөмдүү таштан жасалган баштын формасы гана сакталып калган. Баштын скульптурасын жергиликтүү жашоочулар чарбалык курулуш иштерин жүргүзүп жатканда табышкан. Скульптуранын сакталып калган бөлүгүнүн бийиктиги 60 см түзөт жана жалпысынан абдан көлөмдүү таштан жасалышы мүмкүн. Сүрөттүн бардык деталдарынын абдан так жана реалдуу берилиши , скульптуранын профессионалдык жогорку чеберчилигинен кабар берет. Үчүнчүсү жакшы сакталаган таш скульптуралык сүрөттөрү Туура-Суу өзөнүнүн тектирлүү жерлеринде жайгашкандыгында. Аны К.Ш. Табалдиеванын жетекчилигинин астында студенттерден турган археологиялык отряд, Ж.Мамытованын жана жергиликтүү айылдык мектептин окуучуларынын катышуусунда казылып алынгандыгында. Ал бир жарым метр бийиктиктеги колунда кылычы бар аял кишинин сөлөкөтүн элестетет.

4-себеби. Аял-согушкерлердин скульптурасы.

Түрк доорундагы таш скульптуралык сүрөттөрдүн көпчүлүгү эркек адамды чагылдырса, Туура-Сууда сизди таң калтырган аялдын скульптурасы каршы алат. Таш скульптуранын келбети “жагымдуу”, “назик” бетинде муруту жок жана ийинге чейинки узундуктагы чачы бар, сөлөкөттүн “чыгыштыкындай” бутун кайчылаштырып отурганы чагылдырылган. Кулактын төмөнкү бөлүгүндө анча чоң эмес сөйкө же клипс байкалат. Моюнунун ачык жеринде ичке сызык менен моюн жасалгасы көрсөтүлгөн. Оң колу түз бурчтукка ийилген жана иймек кабы бар кубок кармап турат. Оң колунун манжалары курсагын кысып турат. Бели эки бүчүлүгү бар бычак жана кылыч илинген кур менен курчалган. Туура-Суу айылындагы скульптура кадимки байыркы түрк аялдын сүрөт скульптурасынан айырмаланат жана сейрек кездешүүчү, адаттан тыш көрүнүш болуп эсептелет. Изилдөөчүлөр Кыз-Сайкал, Жаңыл Мырза ж.б. сыяктуу элдик эпостордогу атактуу үлгү болуучу, түрк баатыр-аялдарынын сөлөкөтү чагылдырылган болуш керек деп божомолдошот.

Бешинчи себеби. Белгилүү кино режиссор Төлөмүш Океевдин мекени, ырдын, эпостун, уламыштын жери

Белгилүү кыргыз кино режиссеру Төлөмүш Океев Туура-Сууда төрөлгөн, ал: “менде кандайдыр бир деңгээлде тарбия берип, окуткан Ысык-Көл, тоолор, ажайып табийгат, дагы ырлар, эпостор, элдик уламыштар – фольклор болгон” – дейт. Чындыгында, бул айылга келгендер элдик мурастарга, Эр-Эшим баатырдын, хан Турсундун, 40 жигиттин ж.б. дүйнөсүнө чөмүлөт. Бул чөлкөмдө илгертен бери бай Турсун хандын уламышы айтылып жүрөт. Ал күндөрдүн биринде өзүнүн жөөкөрү – алп баатыр Эр-Эшимди көзүн тазалоо үчүн аны кытай императоруна, катты алып келген элчини өлүм жазасына тартуу суранычы менен жазылган катты берип жөнөтөт. Жолго чыкканда баатырды катта жазылган нерсе кызыктырат, жолдон кытай чабанына жоолугуп, катты окуп берүүсүн өтүнөт. Өзүнүн башкаруучусунун арам оюу жөнүндө билип, ачуусу келген баатыр үйүнө келип, ууланган жаанын огу менен жүрөгүн жаралап, өлтүрөт. Көз ачып жумганча хандын арстандын терисинен тигилген тону карарып, хандын чеби талкаланат, душмандары хандын өлүмү жөнүндө угуп, анын элин башка аймакка кууп чыгат, хандын сарайы талкаланат жана шаардан урандылар гана калат.

Легенды гласят, давным-давно в этой местности располагалась ставка богатого хана Турсуна. В один из дней решив избавиться от своего визиря – могучего батыра Эр-Эшима, он отправляет его с письмом к китайскому императору с просьбой казнить прибывшего с письмом посыльного. Отправившегося в путь героя все время терзало любопытство и, встретив на пути китайского пастуха, просит его прочитать письмо. Узнав о злых намерениях своего правителя, разгневанный визирь возвращается домой и убивает хана, пронзив его сердце отравленной ядом стрелой. Вмиг чернеет шуба хана из шкуры льва, рушится ставка хана, а враги, узнав о смерти хана, угоняют его народ в другие края и остались от города одни развалины… 

Жетинчи себеби. Чигу шаары, усундардын байыркы отурукташкан жери.

Image
Image
Image

Көп кылымдар бою Ысык-Көлдүн жээги менен Улуу жибек жолу өткөн, жол бойлоп байыркы элдердин отурукташуусу пайда болгон. Бул чөлкөмдөрдө байыркы кытай жазмаларында сүрөттөлгөн көчмөн-усундардын шаары Чигу жайгашкан. Чигу же “кызыл өрөөн шаары” болгон, эгер тарыхый күбөлөндүргөн маалыматтарга ишенсек, анда бул жерде байыркы дүйнөдөгү Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири болгон. Анын бийик крепосттук чептеринде алтын менен жасалган бай үйлөр, сарайлар, чиркөөлөр катылган. Усундар жана алардын шаарлары жөнүндөгү маалыматты биздин эрага чейинки II кылымда Ысык-Көлгө жана Тянь-Шань аркылуу Ферганага келген кытай саякатчысы дүйнөгө айтып чыккан. Бир катары шаар Кытайда жайгашкан десе, кээ бири Ысык-Көлдүн астында калган дешкен. Жакында эле бул гипотезага усундардын Чигу шаары Кан-Дөбөнүн аймагында жайгашышы мүмкүн деген божомол кошулду. Мектептин музейинде көрсөтүлгөн кызыл баткак менен курчалган тоо, кермамикалык идиш-аяктардын калдыктары, адаттан тыш формадагы дан майдалоочулар бул аймактарда усундардын отурукташканынан кабар берет.

Жетинчи себеби. Экскурция.

Мектеп музейинин ишинде археологияны сүйүүчүлөрдүн ийриминин мүчөлөрү-окуучулардын өзү өткөргөн экскурцияларга маанилүү орун бөлүнөт. Археологдордун иштери менен тааныш болгон жана өздөрү мекендеген жерлерди барынан жакшы билгендер булар – окуучулар. Аларга бул жерди “тарых чөлкөмү” деп атаган жергиликтүү жашоочулар жардамга келет. Элдик эс тутум элдик баатырлар, оор күндөр, душмандар менен күрөш, чөлкөмдү изилдөө жана изилдөөчүлөр, эң биринчи мектептин курулушу, ошондой эле, жергиликтүү жашоочулар өздөрүнүн жер иштеткен талааларынан кандай укмуштуу артефактарды тапкандыгы жөнүндө көптөгөн тарыхты сактап келет. Аксакалдар азыр жок болуп кеткен лабиринтте бала чагында кандай ойногондорун эстеп, ал эми жаштар жай мезгилинде археологиялык иштерди кантип жүргүзүшөөрү жөнүндө айтып беришет.

© 2021 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.