Жaңы-Жер: Ааламга жол айылдан башталат

Вьезд в Жаңы-Жер

Жаңы-Жердеги №43 кесиптик лицйи окуу жайга анча окшошпойт; кимдир бирөөнүн кенен, ыңгайлуу үйүнө окшош: короодо роза жана жүзүм өстүрүлгөн, ал эми мекеменин кире беришинде петроглифтер тартылган. Жашыл дарбазанын астынан жаркылдаган ошол үйдүн кожойкеси Бактыгүл Мусаевна Жусупова тосуп алат. Ал бул жерде 30 жылдан бери эмгектенет. Ал “Жаңы Жер” менен байланышкан тарыхы ушунча убакытка созуларын ойлогон эместигин айтып күлөт, 1991-жылы аны күтүүсүз жерден лицейдин директорлугуна бекитишкен.

Шаршенбаева Бактыгуль Мусаевна-директор ПТУ#43

Жаңы-Жердин түптөлүшү жөнүндөгү Бактыгүл Мусавнанын баянын бул жерден укса болот.

Анын директор болуп дайындалышы Советтер Союзу тараган татаал мезгилге, лицейде даярдалган механизатор сыяктуу адистерге суроо талап төмөндөгөн, лицейдин жамааты базар экономаикасынын талаптарына тез ыңайлашууга аргасыз болуп, туризм, кызмат көрсөтүү тармагындагы адистерди даярдоону баштаган адистештирүүнүн жүрүшүнө туш болгон. Лицейге окуучулардын келиши тездик менен алмашкан, көпчүлүк үй бүлөлөрдө балдар жана өспүрүмдөр татаал турмуштук кырдалга: улуулар менен тең тайлаша иштөөгө аргасыз болушту жана кээде базарда бөтөлгө чогултуп, араба түртүп бүтүндөй үй бүлөнү баккан учурлар да кездешти. Лицейдин алдында мындай балдар үчүн реаблитациялык борбор уюштурулган. 

Көчөдө жашап жана жашоонун бардык кыйындыгын башынан өткөргөн мындай балдар, эптеп жашоо өткөрүү үчүн эч нерседен коркпой калган. Биз пикирлешүү, сүйлөшүү сыктуу биздин салттуу ыкмалар таасир бербей калганын жакшы түшүндүк. Тарбиялоонун жаңы инновациялык технологиялыларын таап чыгуу зарыл болду. Алардын ичинен эң натыйжалуусу эмгек жана маданият болду

Лицейдин территориясындагы эмгектин эң негизги принциби - бирге иштөөчүлүк. Мугалимдер курамы окуучулар өздөрүнүн мейкиндигинде биргелешкен эмгекти, мисалы, дубалдагы бул сүрөт бирөөгө таандык эмес, конкреттүү баланыкы жана албетте, дубал аныкы да экендигин сезүүсү үчүн бардыгын кылышкан. Мындай ыкма бүтүрүүчүлөрдү өз колу менен иштеп акча тапса болорун сезүүгө жардам берди.

Лицейдин балдарынын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү

Окуучулардын жүрөгүнө жол тапкан экинчи ачкыч – бул музыка болду. Бактыгүл Мусаевна биринчи жолу “Устат-шакирт” салттуу музыка борбору жөнүдө билген. Балдар классикалык музыканы түшүнбөйт го деген жамааттын тынчсыздануусу негизсиз болуп чыкты,окуучулар тескерсинче толкундануу, суктануу менен ал гана эмес “Кудайдын музыкасын уккандай болдум” деп айтышты. Лицейдин билим алуучулары кыргыз элинин салттуу маданиятын жана каадасын изилдей башташты, бардык эле балдарда өзүнүн түпкү тегине кызыгуу болоору белгилүү болду. Жамааттын айтымында маалыматтарды мүмкүн болгон жердин барынан, айыл аксакалдарынан, ата мекендик тасмалардан алышты. “Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институту” КФнун жардамы менен биргеликте кемтик толукталды.

Бактыгүл Мусаевна конокторду тосуп жатат.

Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институтунун программасынын алкагындагы биомаданий ар түрдүүлүк боюнча ачык лекцияларынан кийин, заманбап дүйнөдө жабык жашоо мүмкүн эмес экендигин моюнга алдым. Эгер биз табигый ресурстарды калыбына келтиргибиз келсе, анда маданиятты да калыбына келтирүү зарыл

Услышать рассказ Бактугуль Мусаевны о современном населении села можно тут

Ошондон бери лицейдин жамааты фермерлердин жана лицейдин окуучуларын органикалык жер иштетүүгө жана туризм, менеджмент, кызмат көрсөтүү тармагы боюнча окута баштады. Окутуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп салттуу практикага негизделген ыкма болуп чыкты, адамдар өздөрүнүн чоң ата, чоң энелеринен уккан билимдерди оңой өздөштүрөөрү белгилүү болду. Лицейде чөп чабуунун, түймө түйүүнүн, нан бышыруунун, союлган малды жиликтөөнүн, антибиотиктердин жардамысыз үй жаныбарларын дарылоонун, саманды курулушта колдонуунун элдик ыкмаларын жана аларды инновациялык ыкмалар менен айкалыштырууну өздөштүрүүгө болот.

Image
Image
Image
Image
Image

Органикалык мал чарбачылык жана жер иштетүү классы

Эки жыл мурун, биринчи жолу №43 кесиптик техникалык лицейи айыл жашоочулары үчүн окуучулар өз колу менен байыркы кыргыздардын тарыхий эскизи менен пайдубалдан баштап саман менен баткакты аралаштырып, үй куруп ар кандай улуттук тамак аштарды даярдап көрсөткөн этнофестиваль уюштурушту. Фестивалда ыр бийлер болду, лицейдин окуучулары жана Жаңы-Жердин жашоочулары каада-салттары менен кайрадан жаңы таанышкандай болушту. Азыр фестиваль Жаңы-Жердин жашоочуларынын сүйүктүү иш-чарасына айланды.

Фестиваль жөнүндө сюжет

№43 кесиптик лицей тар эмес универсалдуу адистик болуп эсептелген туризм, мал чарбачылык багытында адистерди даярдап чыгарат. Алар баткак, кыш менен иштей алат, ошондой эле, кызмат көрсөтүү жана кулинария көндүмүнө да ээ. Огороддо жана теплицада ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жөндөмдүү. Эң негизгиси, алар өзүнүн жамаатынын эле эмес, коомдун, андан соң өлкөнүн бир бөлүгү экенин жакшы билишет. Бактыгүл Мусаевна сүйүп айткандай

Ааламга жол айылдан башталат

Лицейдин окуучулары этно-фестивлга конокторду тосуп жатат.

© 2021 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.