ЧАКАН ГРАНТТАРДЫН ПРОГРАММАСЫ – 2020-2021-жж.

«Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы институту» («ИСУР») коомдук фонду биологиялык
жана маданий артүрдүүлүктү сактоодо жана өнүктүрүүдө оң өзгөрүүлөргө жеткирүүчү
шарттарды түзүү үчүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун бакубаттыгын артыруу
үчүн жаштардын жигердүүлүгүн жогорулатуу максатында долбоордук сунуштамалардын
сынагын жарыялайт.
Долбоордун негизги максаты – жергиликтүү коомчулуктун бакубаттыгын артыруу жана
социалдык, экологиялык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүү багытында конкреттүү
кадамдарды ишке ашыруу үчүн жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Бул максатка жетүүдөгү долбоордун башкы ыкмасы – био-маданий артүрдүүлүктү
илгерилетүү жаатындагы уникалдуу билимдердин ээлери менен, бул тармакта
практикалык иштерди аткарып жүргөн жана ага жаңыча ыкмаларды киргизүүнү колго
алган тараптар менен, жергиликтүү коомчулукта оң өзгөрүүлөргө жетүү үчүн салттуу
жана жаңычыл ыкмаларды айкалыштыруу аркылуу жаратылыш ресурстарын башкарууну
жүзөгө ашырып жаткан жергиликтүү институттар менен, бакубаттуулукту жакшыртуу
үчүн жамааттык стратегияларды иштеп чыгуучу жана аны жөнгө салуучу жактар менен,
андан сырткары жергиликтүү лидерлер менен демилгелүү жаштарды бириктирүү,
алардын жигердүүлүгүн жогорулатуу жана колдоого алуу.
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгында жергиликтүү коомчулуктун
бакубаттыгын жакшыртуу үчүн био-маданий артүрдүүлүктү сактоого багытталган
демилгелер колдоого алынып, анын негизинде тандалып алынган коомчулуктагы жаштар
өз идеяларын ишке ашырууга жана лидерлик жөндөмүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Маданияттын, табигый чөйрөнүн жана бакубаттыктын өз ара байланышын терең
түшүнүүгө багытталган жергиликтүү коомчулуктар арасындагы өнөктөштүктү
бекемдөөнү жана алардын ички дараметин күчөтүүнү көздөйт. Бакубаттыкты камсыздоо
ыкмалары тандалып алынган коомчулуктардын күнүмдүк турмушуна ыңгайлаштырылат
жана жергиликтүү тургундардын көрүүсүнө ылайык иштелип чыгат. Бул долбоорго
катышуу аркылуу жергиликтүү коомчулуктар жаратылыш ресурстарын сактоого, био-
маданий артүрдүүлүктү илгерилетүүгө жана өзүлөрүнүн бакубаттыгын жакшыртууга
болгон укуктарын ишке ашыра алышат.
Долбоордук сунуштамалардын сынагына коомдук бирикмелер, клубдар, ассоциациялар,
фонддор, жамааттык бирикмелер, жайыт комитеттери, ден соолук комитеттери,
аксакалдар кеңештери, жергиликтүү лидерлер ж.б.у.с. Кыргызстандын аймагында
ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жактар катыша алышат.
Жергиликтүү/аймактык/улуттук деңгээлде иш алып барган жаштар уюмдарынын
долбоордук сунуштамаларына, о.э. балдар жана жаштар менен иштөөгө, андан сырткары
жергиликтүү коомчулук менен, маданий приктикалык иштерди аткаруучулар менен,
эксперт-изилдөөчүлөр менен, салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөр жана аны
сактоочулар менен кызматташууга багытталган долбоордук сунуштамаларга
артыкчылыктар берилет.

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.