ЧАКАН ГРАНТТАРДЫН ПРОГРАММАСЫ ЧАКАН ГРАНТТАРДЫН ПРОГРАММАСЫ 2018-2020-жж.

 ЧАКАН  ГРАНТТАРДЫН ПРОГРАММАСЫ

2018-2020-жж.

 

«Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы институту» коомдук фонду («ТӨСИ» КФ) биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү (БМА) сактоо жана өркүндөтүү боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында, алардын дэңгээлинин жогорулашына, мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине жана Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттардын ийгиликтерди, мыкты өзгөрүүлөрдү жаратууда жаштардын катышуусун камсыздоо үчүн «Жаштар демилгеси» (2019-2020-ж.) деп аталган Жергиликтүү жаштар демилгесин колдоо боюнча программанын уланышын жарыя кылат.

Программада БМА боюнча  эң мыкты долбоорлор конкурсу жана Жаштардын БМА лидерлик академиясы (мындан ары Жаштардын лидерлик академиясы) камтылат. Долбоордук идеялар конкурсунда юридикалык жактар – коомдук бирикмелер, клубдар, ассоциациялар жана фонддор, жамааттык бирикмелер, жайыт комитеттери, саламаттык комитеттери, аксакалдар коому, жергиликтүү лидерлер жана башка Кыргызстанда катталган жана ишмердүүлүк кылган адамдар катыша алышат. Артыкчылыктар жергиликтүү/ аймактык/ улуттук деңгээлде иш алып барган жаштар бирикмесинен келген долбоорлорго берилет, балдарга, жаштарга үйрөтүү максатында салттык билимдерди сактоочулар менен аны алып жүрүүчүлөр, жергиликтүү коомчулук, маданий практиктер, эксперттер, изилдөөчүлөр ж.б. менен бирге иш алып барган демилгелер колдоого алынат.

Жаштардын лидерлик академиясы – бул өзүнө теориялык жана практикалык сессияларды  камтыган багыттык уюмдарды окутууга багытталган программа. Билим берүү иши таанымал илимпоздор, белгилүү эксперттердин меймандык дарстарын салттык билимдерди сактоочулар менен жолугушууларды жана баарлашууларды уюштуруу жана БМАтү өркүндөтүү жана сактоо боюнча тажрыйбаларды камтыйт. Академиянын багыты – узак мөөнөттүү вазийпабыздын ишке ашырылышын камсыз кылуу – «Экологиялык, социалдык, маданий жана экономикалык пландагы, жергиликтүү салттардагы жана муундар арасындагы үзгүлтүксүз алмашуунун негизинде пайда болгон Кыргызстандагы күчтүү жергиликтүү жамааттар».

Долбоордун темалык багыттары:

  • Жаратылыш ресурстарын (жер, суу, жайыттар ж.б.) туруктуу башкаруу
  • Салттуу билимдерди, тажрыйбаларды жана инновацияларды пайдалануу менен жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүк маселесин чечүүгө жергиликтүү жамааттарды эффективдүү тартуу
  • Айыл чарбасында агроэкологиялык принциптерди пайдалануу жана жергиликтүү агробиоартүрдүүлүктү сактоо
  • Ата-бабалардын маданий жана руханий мурастарын сактоо, «Жаратылыш – Маданият – Адам» байланыштарын бирдиктүү дүйнотааным менен кароо

Долбоордук сунуштарды тандоо критерийлери:

  • Программанын максаттарына ылайык келүү;
  • Проблеманы көрө билүү жана аны чечүүнүн уникалдуулугу;
  • Долбоордун максатын жана милдетин так аныктоо;
  • Долбоорду ишке ашырууга жаштарды активдүү катышууга тартуу, салттуу билимдерди сактоочулар менен бирге иштөө, жергиликтүү коомчулуктарды активдүү катышууга чакыруу, окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана мамлекеттик түзүмдөр менен өнөктөштүк;
  • Долбоордун натыйжаларынын туруктуулугу;
  • Долбоорлорду ишке ашырууда топтолгон тажрыйбалар артыкчылыкка ээ болушат.

Карала турган аймактар: Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтары.

Долбоордун концепциясы (5 бет):

  1. Долбоордун аталышы;
  2. Карала турган аймактар;
  3. Аткаруу мезгили;
  4. Уюм жөнүндө кыскача маалыматтар (байланышуу жолдору – электрондук, юридикалык дареги);
  5. Проблеманы аныктоо, силер көтөргөн демилгелер жана долбоордук иш-чаралар (Кыргызстанда/ каралган аймактарда) БМАны өркүндөтүүгө/колдоо көрсөтүүгө кандай таасирин көрсөтө алат;
  6. Долбоордун максаты жана милдеттери;
  7. Долбоордук иш-чаралардын кыскача сүрөттөлүшү жана долбоордун күтүлгөн натыйжалары, аткарылышынын графиги;
  8. Долбоордун катышуучулары (ар бир катышуучунун долбоордогу орду жөнүндө 2-3 сүйлөм менен билдирүү);
  9. Өнөктөштөр;
  10. Долбоорду ишке ашыруу үчүн эсептелген алдын ала бюджет.

Долбоордук идеяларды  2019-жылдын 4-декабрына чейин төмөнкү электрондук дарекке: to=Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.">call2012.isd@gmail.com жиберүү зарыл.

Толук маалымат менен 2019-жылдын 28-ноябрында өткөрүлө турган

маалымат сессиябыздан таанышсаңар болот.

Маалымат сессия өтө турган жер жана убактысы   to=Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.">Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарегинен билдирилет

«Жаштар демилгеси» долбоору Кристенсен Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Фонд 1957-жылы Кристенсендердин үй-бүлөсү тарабынан уюшулган. Ал биоартүрдүү дүйнөнүн руханий-маданий өз алдынчалуулугуна ишенген адамдар менен уюмдардын аракеттерин колдойт, жашоо-турмушунун жана ландшафттардын кооздугун, берекелүүлүгүн жана жашоого туруктуулугун сактоо жаатында иш жүргүзүшөт.

Фонд https://www.christensenfund.org жергиликтүү салтты сактоочулар менен окумуштуулардын, өнөр өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин жана башка кызыкдар тараптардын биргелешип иштөөсүнө өзгөчө басым жасайт.

 

«ТӨСИ» коомдук фонду тууралуу маалымат:

«Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялары институту» коомдук фонду («ТӨСИ» КФ) 2012-жылдан баштап, жергиликтүү коомчулуктарга колдоо көрсөтүп, түндүк жана ички  Тянь-Шанда БМАны  жергиликтүү демилгелерди колдоо программасы боюнча ишке ашырууда. Жалпылап алганда, 2012-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда БМАны өркүндөтүү боюнча 116 жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүлгөн. Биздин уюм жөнүндө толук маалыматты фейсбук баракчабыздан: https://www.facebook.com/ISDSFund/ же  www.isds.kg сайтынан таба аласыздар.

 

Биологиялык жана маданий ар түрдүүлүк:

Жер жүзүнүн ар бир булуң-бурчунда жергиликтүү жаратылыш ал жакта жашаган элди багат, ага жооп кылып адамдар салттуу даанышмандыкты жана практиканы маданиятында жана тилинде сактап калуу менен өз чөйрөсүн коргойт.[1] Мындай өз ара мамилелер түпкү жана жергиликтүү коомдорго мүнөздүү, алар материалдык жана руханий байланыштарды өзү жашаган чөйрө менен бирге сакташат. Көптөгөн муундар кылымдар бою топтогон түпкү элдер менен жергиликтүү коомчулуктарга мүнөздүү болгон кайталангыс көндүмдөр, салттуу экологиялык билимдер жана тажрыйбалар, өздөрү жашаган аймактын экосистемаларын ардактап сактоочулар катары аларды тааныткан. Түпкү жана жергиликтүү тилдер  бул билимдерди сактап, практика жана инновациялар аркылуу коомдук жүрүш-турушка ылайыктап өткөрүп келет.

Эмне үчүн БМА бизди тынчсыздандырышы керек? Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, биз жашоонун уникалдуу образдарын, тилдерди жана адамдардын дүйнөдөгү ар түрдүүлүгүн жоготуудабыз. Бул маселе адам укугуна да тиешелүү. Ар бир улут үчүн – бул өз өнүгүү жолун жана өз мурунку жашоосун жаш муундарга өткөрүү жолун тандоо. Бул анын укугу «ата-бабалардын изи менен келечекке кадам шилтөөсү». Экинчиден, биз адамзатты жана башка түрлөрдү колдоп турган ар түрдүүлүктү жоготуудабыз, биоартүрдүүлүктү колдоого көмөк кылган салттуу билимдердин байлыктарын да жоготуудабыз. Бул аман калуунун маселеси. Биз кризис учурунда саксаламат экосистемаларга өзгөчө муктаж болобуз. Бизге кантип туруктуу жашоо керектигин көрсөтүүчү планетабыздагы баардык акылмандыкка жана ата-бабаларыбыздын көсөмдүгүнө муктажбыз.

Планетабызда сакталып калган биомаданий ар түрдүүлүктүн көпчүлүгү дүйнөдөгү түпкү элдердин коомчулуктарына жана жерлерге топтоштурулган. Кристенсен Фонду бул коомчулуктарга өз уникалдуу жолу менен өнүгүүсүнө көмөк  көрсөтүп, өздөрүнүн салттуу мурастарын сыйлоого негизделип, азыркы заманга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө калыптанууга ыңгайланууга умтулат. Фонд салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн бекемдөө үчүн, маданияттардын арасындагы глобалдык жоготуу кырдаалдарын бузган маданий кыймылдарды күчөтүүгө гранттык жана практикалык колдоо көрсөтөт.  

Көчмөн кыргыздар миңдеген жылдар бою жаратылыш менен эриш-аркак жашашкан. Салттуу иш-чаралар жана механизмдер туруктуулукту «Адам – Жаратылыш» мамилелериндеги тең салмактуулукту камсыз кылып, аман-эсен сакталып калууга жардам берген. Жаратылышты пайдалануудагы көчмөн кыргыздардын жайыттарды жыл мезгилдерине ылайык алмаштырууга негизделген уникалдуу система жергиликтүү ландшафттарга жана климат шарттарына ыңгайлануу процессинде иштелип чыккан. Тажрыйбага коюлган жана көптөгөн жылдар бою мезгил текшерген салттуу экологиялык билимдер жана иш тажрыйбалар муундан муунга өткөн. Муну менен бирге түзүлгөн руханий-адептик баалуулуктардын бүтүндөй системасы, жүрүш-туруш нормасы жана адеп-ахлак,  ишенимдер, жөрөлгөлөр жана каада-салттар сөзсүз аткаруу механизмдерин иштеп чыгып, маалыматтарды берүүнү жана сактоону камсыз кылган. Кыргыздардын салттуу экологиялык билимдери көчмөндөрдүн жашоо-тиричилик тажрыйбасынан келип чыккан, ошондой эле жаратылыш кубулуштары, жылдыздар, айдын жаңырышы жана башкалар  жөнүндө билимдерди жана байкоолорду камтыйт.

Ошондой эле малчылык боюнча билимдер – бул малды, алгыр куштарды, дары өсүмдүктөрдү салттуу классификациялоо; үйдөгү малды дарылоонун салттуу жолдору, жергиликтүү шарттарга жана ландшафтка жараша мал багуу билимдери; жайыттардын салттуу классификациясы, алардын акыбалын баалоонун индикаторлору, аларды жакшыртуунун чаралары, жайыттарды сугаруу ыкмалары; жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн азык-түлүктөрдү даярдоонун жана кайра иштетүүнүн технологиялары; табигый боёктор менен жүндү боёо технологияларын колдонуу. Салттуу көчмөн чарбачылыгы, ресурстарды үнөмдөөчү, жаратылышты кайра калыбына келтирүүчү, калдыксыз башкача айтканда, заманбап көз караш менен айтканда, экологиялык жана рационалдуу болгон.

Тез өтүүчү процесстердин таасирине карабастан (глобалдашуу, климаттын өзгөрүшү, экологиялык проблемалар, биоартүрдүүлүктү жоготуу), түндүк жана ички Тянь-Шандын бийик тоолуу аймактарында жайытты колдонуунун салттуу ыкмаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар, климаттын өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан экологиялык проблемаларга каршы турууга жөндөмдүү биомаданий ландшафттарды жана эндемик түрлөрдү, агробиоартүрдүүлүктүн генетикалык ресурстарын түзгөн өсүмдүктөрдүн формаларын жана сортторун, мөмө бактарын сактоо.

Кыргыз элинин топтолгон салттуу экологиялык билимдери климаттын өзгөрүү процесстерин изилдөө жана бул өзгөрүүлөрдүн терс кесепеттерин азайтуу стратегиясын иштеп чыгуу жергиликтүү коомчулуктар үчүн маанилүү маалымат булагы болуп эсептелет. Бул билимдерди жаш муундарга толук өткөрүп берүү ар түрдүү муундардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсү менен гана өтүшү мүмкүн.

 

[1]По материалам Фонда Кристенсенаhttps://www.christensenfund.org

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.