Агро-фестиваль - “ЖАЙЧЫ”
Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Көк-Сай айылынан анча алыс эмес жеринде “Жайчы” аталышындагы туристтик этно-лагерь жайгашкан. Аталган лагерди Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, азыркы учурда 81 жашка келген айтылуу Таштанбек Акматовдун уул-кыздары 15 жыл мурда негиздешкен.
Быйылкы 2019-жылдын 2-июлунда, Акматовдордун үй-бүлөсү саамалык катары “Жайчы” аталышындагы агро-фестивалын өткөрүшүп, иш-чарага жергиликтүү элдер, өлкөбүздүн ар облустарынан келген кол өнөрчүлөр жана чет элдик туристтер катышышты. Фестивалдагы меймандардын көпчүлүгү чет элдиктер болгондуктан, иш-чара кыргыз жана англис тилдеринде өткөрүлдү.
Бул күнү кырка-кырка боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштар даярдалып, уз жана усталардын жасаган эмгектери көргөзмөгө коюлуп, улуттук бийлер бийленип, ат оюндары ойнолуп, кыргыз күүлөрү жаңырып турду. Кол өнөрчүлөрдүн жасаган ала кийиз-шырдактары, терме-таар, өрмөктөрү, булгаарыдан жасалган азем буюмдары, мүйүздөн жасалган жаалар, ээр-токум, камчы жана башкалар көргөзмөгө коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө жигиттер эки топко бөлүнүп кой кыркып жарышса, кыз-келиндер элпек колдору менен жүндү жууп, иштетип, кол өнөрчүлүк боюнча күч сынашышты. Андан сырткары, фестивалга келгендерге кыз-келиндер уй, эчки сааганды, сүт азыктарын жасоону үйрөтүшүп, буга чет элдик туристтер кызыгуу менен катышышты.
Назира Акматова
Жайчылык касиет
Көк-Сай айылы – союз убагында ак койдон төл жана жүн алууда эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен чабан, коомдук ишмер, 1989-1991-жылдары СССРдин эл депутаты жана 1987-1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун председатели болгон Таштанбек Акматовдун туулуп-өскөн жери.
“Жайчы” этно-лагерин атактуу атанын уул-кыздары касиеттүү жерибизди даңазалоо максатында түптөп, ал жерди көрктөндүрүү үчүн бак-дарактарды олтургузуп, музей уюштуруп, келген-кеткен туристтерге меймандостук менен кыргыз даамын татытып турушат. Боз үй лагеринде түнкүсүн жылдыз санап өргүп кетүү үчүн атайы шарттар да уюштурулган.
Ата-тек жагынан алганда, Акматовдордун бешинчи атасы аба ырайын өзгөртүп, жамгыр жаадырып же бүркөлгөн булуттарды таратып жиберген касиеттүү жайчы болгон. Ушул негизден улам уул-кыздары улуулар менен кеңешип, лагерди “Жайчы” деп атоону туура көрүшкөн.
- Кургакчылык болуп, эгин-тегин куурап турган маалда атабыз жумалап жамгыр жаадырып койчу экен. Ал эмес бир сапар нөшөрлөп жааган жамгырда атабыз үч жолдошу менен тоодон жакага чейин суу болбой келгени уламыш болуп айтылып жүрөт. Өз учурунда табиятты да башкара билген ушундай касиетинен улам атабыз эл арасында Жайчы атыгып кеткен дешет. Бирок, бул касиет аталарыбыздан бизге өткөн эмес, ошондой болсо дагы, биз той берсек эле дайыма жаан жаайт. Ошондо элдер “жайчылардын касиет сыйкыры колдоду” деп айтып калышат,
- дейт Назира Акматова.
Баатырбек Акматов
Ак койдон ар тараптуу пайда көрсө болот
Туризмди өнүктүрүү менен ак койдун (меринос) жүнүнүн баалуулугун көтөрүү агро-фестивалдын башкы максаты экендигин баса белгилеген иш-чаранын уюштуруучусу Баатырбек Акматов буларды айтып берди:
- 2005-жылдары чет элдик фермерлер менен иш алып барып калдык. Алар бизге: “Табиятыңар кооз, каада-салтыңар, жашоо-шартыңар кызыктуу, мал чарбачылыгыңар да өзгөчөлөнүп турат. Ушулардын баарын айкалыштырып иш алып барсаңар болчудай экен”, - деп сунуш киргизип калышты. Ошондон баштап туризмге кызыгып, бир туугандарым менен “Жайчы” лагерин түптөп, турфирмалар менен алака түзүп иштеше баштадык. Атабыздын камчысын чаап жолун улап келе жаткандыктан, ак койду туризм менен айкалыштырууну да туура көрдүк. Себеби, кийип турган ак калпагыбыздан баштап, тигилип турган боз үйүбүзгө чейин ушул ак койдун жүнү колдонулат эмеспи. Анын үстүнө бул койдун майы аз, бирок бат эттенип кара кесек эти көп болгондуктан, чет өлкөлөрдөн суроо-талап көп түшөт. Бул койдун кыгын иштетип жер семирткич жана отун катары пайдаланса да жакшы. Азыркы учурда меринос жүндүн баасы 300 сомдун тегерегинде болсо, койдун орточо баасы 6-7 миң сомду түзөт. Дегинкисин айтканда, союз убагында кен байлыктарга тете болуп эң чоң кирешени берип турган ак койго мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек деп ойлойм.
Гүлмира Акматова
“Унутта калып бараткан өнөрлөрдү алып чыктык”
Ушул күнкү иш-чаранын чарбалык иштерин Баатырбек Акматов жетектесе, кол өнөрчүлүк жагын эжеси Гүлмира Акматова колго алып, жүндөн жасалган кийимдердин мода көргөзмөсүн уюштурду. Нукура жүндөн жасалган ары сапаттуу, ары өзгөчө улуттук кийимдерди дүйнөгө таанытып жүргөн белгилүү уз-чебер Акматова агро-фестивалдын жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
- Кээ бир адамдар сүт азыктарын пайдаланганы менен, анын кандай жасалаарын билишпейт. Ошол сыңары эле, жүндөн жасалган кийимдерди кийип жүрүшкөндөрү менен, көпчүлүк анын жасалуу жолдорун көрүшкөн эмес. Ошондуктан, бул фестивалда койду кыркып, жүнүн жууп, тытып, сабап, ийрип жип жасап, кийим токуганга чейинки баардык иштерди баштан-аяк көргөзүүгө аракет кылдык. Андан сырткары, станок менен кездеме токуу, ала кийиз жасоо, килем, өрмөк согуу боюнча алыскы Лейлектен кол өнөрчүлөрдү чакырып, мастер-класс уюштурдук.
Бүгүнкү иш-чарада кой, эчки, төө, жибек куртунан, ал эмес топоздун жүнүнөн да эмнелерди жасаса болорун көрсөтүп жатабыз. Биз Бугу тукумунан тарагандыктан, бир гана бугунун жүнүн иштетпейбиз. Ал эми терилерди ашатууда химиялык жол менен эмес, кадимки айран менен ашатса болорун көргөздүк. Башкача айтканда, унутта калып жок болуп бараткан өнөрлөрдү ушул фестивалга алып чыгып элдерге жайылтууну максат кылдык.
Гүлбаева Тоту апа
Килем согуп түр кылган, кирген үйүн гүл кылган апа
“Кол өнөрчүлүктөн материалдык пайда көрө баштаса, чет өлкөгө жумуш издеп кеткен жаштардын агымы кыскарат эле”
- деген пикирин айткан өрмөкчү Гүлбаева Тоту апа фестивалга Баткен облусунун Лейлек районунан келген:
- Мезгил өтүп муун алмашкан сайын улуу өнөрлөрдү аркалагандар азайып баратканы мени да ойго салып жүрдү. Мектепте көп жыл мугалим болуп иштеп жүрүп, өргүүгө (пенсияга) чыкканда биротоло кийиз дүйнөсүнө кирип кеттим. Ал эми бүгүнкү фестивалга Гүлмиранын (Г.Акматова - ред.) чакыруусу менен неберем экөөбүз катышып жатабыз. Түктүү килем, өрмөктөрдүн түрүн жана таза жүндөн жасалган баш кийимдерди алып келдик. Бул фестиваль жалгыз эле кол өнөрчүлөрдүн тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзбөстөн, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы элдерди өнөр багытында бириктирип, ынтымакты арттырган иш-чара болуп жатат. Ал эми биз өңдүү улуу муундардын негизги милдети улуттук баалуулуктарыбызды унутта калтырбай жаштарга өткөрүп берүү болуп саналгандыктан, аларга койдун жүнүнөн килем жана таар сокконду, өрмөк өргөндү үйрөтүп, республика боюнча облустарда уюштурулган көргөзмөлөргө катыштырып жатабыз. Муну менен бир жагынан жаштардын улуттук мураска болгон кызыгууларын арттырсак, экинчи жагынан киреше табууга жардам берип келебиз. Өкүндүргөн нерсе, чет мамлекетти айтпайлы, кылым карыткан кыргыз килемдерин саткан жерлер борборубуз Бишкекте да жок экендиги.
Элвира Газбекова
“Өзүмдүн себим үчүн дагы даярдык көрөм...”
Элвира Газбекова 11-класстын окуучусу. Лейлек районунан келип иш-чарага катышып жаткан эң жаш кол өнөрчү. Ал кичинесинен терме-таар согуп ар кандай фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды багындырып келет.
- Кичинемден эле кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө кызыгып, терменин ар кандай түрлөрүн согуп, курак курап, бешиктин боолорун өрүп, кийизден да ар түрдүү буюмдарды жасап жүрөм. Биздин айылда бул өнөргө кызыккан өзүм теңдүү жаштар да бар. Кол өнөрчүлүктү үй-бүлөбүз менен аркалап келебиз. Улуу өнөрдү улантуу үчүн кол өнөрчүлүктү чоң энелерибиз бүгүн бизге үйрөтүп жатышса, убагы келгенде биз дагы келечек муунга өткөрүп беребиз деп ишенем. Бош убактымда өзүмдүн себим үчүн дагы даярдык көрөм. Термени согуп жатканда максат-тилектеримди айтып келечегимди кыялданам. Окуумду аяктап, өзүм кызыккан дизайнерликке тапшырып, кол өнөрчүлүк менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген жакшы максаттарым бар.
Калысбек Сагынбаев
“Оюңдагы нерсени колуң менен жаратыш да чоң эмгек...”
Булгаары иштетүүчү Калысбек Сагынбаев Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан болот. Учурда С.Чокморов атындагы элдик көркөм кол өнөрчүлөр окуу жайында мугалим болуп иштейт. Жеке өзүнүн устаканасы бар Калысбек мырза 19 жылдан бери булгаарыдан түрлүү буюмдарды жасап мээнеттенип келет.
- Биз булгаарыдан аземдүү боз үй кутучаларын, шахмат салгычтарын, саат тыштагычтарын, телефон, ачкыч каптарын, ошондой эле улуттук сүрөттөр түшүрүлгөн картиналарды жана ат жабдыктарды жасайбыз. Кардарлардан кандай тапшырык түшсө, каалоолоруна жараша ошонун баарын даярдап жүрөбүз. Көбүнчө Казакстан, Түркия, Орусия мамлекеттеринен тапшырык түшүп турат. Ишимди өтө сүйгөндүктөн, чарчаганымды деле билбей калам. Тескерисинче, ишимен эргүү алып эс алам. Оюңдагы нерсени колуң менен жаратыш да чоң эмгекти талап кылат эмеспи. Анын сыңары, кармаганымды оюмдагыдай жаратсам, ошол күнү кечке кубанып жүрөм.
Кол өнөрчүлүк - менин нан таап жей турган кесибим, чарчаганда эс алдыруучу хоббим. Кыргызды кыргыз кылып турган нерсе кандагы ушул кол өнөрчүлүгүбүз, каада-салттарыбыз болгондон кийин, биз аларды ушундай фестивалдардын, улуттук ар кандай иш-чаралардын жардамы менен даңазалап жайылта алабыз деп ойлойм.
Уй сааганды үйрөнгөн Мейер
Фестивалга келген туристтердин бири Анна Мейер Франциянын Мюлуз шаарынан келген. Ал бизге бул күнкү таасири тууралуу буларды айтып берди:
- Көптөгөн мамлекеттерден ар түрдүү фестивалдарга күбө болуп жүрөбүз. Бирок, бул фестиваль таптакыр башкача нукта өттү. Досум экөөбүз биринчи жолу уй саап, жүн тытып, кыргыздын улуттук бийи болгон кара жоргону үйрөндүк. Чындыгында бул нерселер биз үчүн жаңылык болду. Планыбызда биз бара турчу дагы көп өлкөлөр бар. Бирок, өз өлкөбүзгө барганда досторубузга сөзсүз Кыргызстан жөнүндө айтып берип, биринчи мүмкүнчүлүк менен эле бул өлкөгө саякаттап келүүлөрүн сунуштайбыз.
Чет элдиктер атайы ат арытып алыстан келген, улуу муундар көч башы болгон мына ушундай көрөңгөлүү фестивалдарга жаш кол өнөрчүлөр да катышып жаткандары кубанычтуу көрүнүш. Мунун өзү кылымдарды карыткан кыргыз өнөрүнүн келечеги кең экендигин айгинелеп, мурасты улантчулардын жолу узак экенинен кабар берет.
Ал эми алгачкы жолу болуп өткөн “Жайчы” агро-фестивалы мындан ары да жылдан-жылга уланып, чет элдик туристтердин саны көбөйүп, кыргыздын өзөгүнө тийиштүү баалуулуктар дүйнө жүзүнө таанылып-жайыла беришине тилектешпиз.