Билимдин куттуу очогу
Тарбиясы кырдуу, таалими сырдуу окуу жай
Бишкек шаарыбыздын батышындагы Жаңы-Жер айылында Байдалы Шаршенбаев атындагы 43 кесиптик лицейи жайгашкан. Окуу жайдын башкы имараты сыртынан караган адамга жөнөкөй көрүнүшү менен кадимки эле үйлөрдөй элес калтырат. Ал эми анын босогосун аттап киргенде көркөм, таза, жагымдуу жайга туш болуп, чоң бир ынтымактуу үй-бүлөнүн кызыктуу жашоосуна күбө болосуз. Чындыгында эле бул лицейде окуган балдардын ынтымагы, бирдиктүү иш алып баруусу, окутуучулардын өз балдарына жасагандай камкордугу, эмгекке жана тарбияга өзгөчө көңүл бөлүүсү бакубат үйдүн маанайын жаратып турат.
Лицей туризм жана мейманкана иштериндеги, ошондой эле мал чарбачылыгы тармагындагы адистерди даярдайт. Окуу борбору, устакана (мастерской), жатакана, ашкана жана күнөскана жайгашып, жалпысынан он үч имараттан турган лицей 7 га аянт жерди ээлейт. Окуу мөөнөтү үч жылдык, он айлык, үч айлык жана үч жарым айлык болуп бөлүнүп, 2018-2019-окуу жылында бюджетте 246 бала окуп жатат. Андан сырткары ар жылы кыска мөөнөттүү курстарга 200-300 окуучу кабыл алынат. Мамлекет тарабынан балдардын тамак-ашы жана жатаканасы үчүн акча бөлүнүп турат. Ошондой эле жакшы окуган балдарга стипендия да каралган.
Жусупова Бактыгуль Мусаевна - №43 кесиптик лицейдин директору
“Окуучуларды тарбиялоодо үч багытка басым жасайбыз”
Аталган кесиптик лицей 1979-жылы түзүлүп, СССР тараганга чейин колхоз-совхоздорго кадрларды даярдап иштеп келген. Кийин СССР ыдырап, өлкөбүздө саясый-экономикалык кырдаалдын курчушунан улам көпчүлүк окуу жайлар сыяктуу бул лицей да жабылуу коркунучуна туш болгон. Бактыга жараша, жаш болсо да өзүнүн иш билгилик, өжөрлүк, эмгекчилдик сапаты менен Жусупова Бактыгүл Мусаевна жана анын эмгек жамааты ошол кыйын кырдаалдан жол таап, лицейди сактап калышкан. 28 жылдан бери аталган лицейде мүдүрлүк кызматты аркалап келе жаткан Бактыгүл Жусупова ишмердүүлүгүнүн күңгөй менен тескейин төмөндөгүчө эскерет:
- Бул лицейде 19 жашымдан бери иштеп жатам. Жаштыгымды, убактымдын көп бөлүгүн ушул жерге арнадым десем болот. Лицей шаардан алысыраак жайгашкан айылдан орун алгандыктан, бул жерге окуусунан артта калган, тартип бузган, же аз камсыз үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарды жөнөтүшчү. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөбүздө жумушсуздук күчөп, көпчүлүк ата-энелер чет жерлерге жумуш издеп кеткендиктен, кароосуз калган “көчө балдарынын” саны кескин өскөн. Ошондо биз атайын реабилитациялык группа түзүп, ал балдарды лицейге кабыл ала баштаганбыз. Чындыгында, алар менен иштөө абдан эле кыйынга турду. Аларды “уурдаба”, “туура жүр”, “жакшы бол” деген сыяктуу калыптанып калган үй-бүлөлүк норма менен тарбиялоо мүмкүн эмес эле. Себеби, башынан түрдүү кыйынчылыктарды өткөргөн, тарбиядан аксап калышкан балдар эч нерседен коркпой, адамдарга болгон ишеничин жоготкондуктан айткан акылга маани бербей калышыптыр. Биз бул маселени көпкө ойлонуп, акыры балдарды эмгекке ыктоо аркылуу гана тарбиялай аларыбызды түшүндүк. Аларды эмгекке үйрөттүк. Көрө билгенибиздей эле, балдар өз колдору менен жасаган нерселерин баалап, баркын сезишти. Короодогу өсүп турган гүлдөрдөн баштап, күнөсканадагы жашылча-жемиштердин баардыгын балдар мээнетин жумшап өздөрү өстүрүшкөн. “Адам - эмгектин аркасы менен гана адам болот” дегендей, балдарды тарбиялоонун биринчи багыты эмгек болсо, экинчи багыты чыгармачылыкты өнүктүрүү. Биз эмгек, мээнет менен гана чектелбей, искусствого да көңүл бөлө баштадык. Маселен, театрды жандандырып, 13 спектакль койдук. Бул да болсо балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, ойлонуу дараметин өркүндөтүүгө, сезимталдуулукка тарбиялады. Ал эми үчүнчү багытыбыз, жаратылышка зыян келтирбей экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүү, ошол эле учурда табияттагы биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат.
“Биз балдардын мүмкүнчүлүгүн чектебейбиз...”
Мамлекеттен жардам күтүп олтурбастан, лицей ар кандай долбоорлор жана фонддор менен тыгыз иштешип келет. Маселен, 2006-2007-жылдары швейцариялык “Хельветас” долбоору менен алака түзүп, лицейге чакан күнөскана куруп алууга жетишишкен. Балдар ал күнөскананы мээнет менен карап, жайы-кышы дебей өздөрү өстүргөн экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерден тамак даярдап ичишет. Ал эми ашкандарын сатып, түшкөн акча каржысын лицейдин кем-карчына жумшашат.
Назарматова Астра Кеңешбековна
Айыл-чарба багытындагы билимин иш жүзүндө сынап көргөн окуучулар үчүн күнөскананын мааниси канчалык экенин мүдүрдүн орун басары Назарматова Астра Кеңешбековнадан уктук:
- Лицей органикалык айыл чарба багытындагы окуу жай болгондуктан, салттуу билим менен органикалык айыл чарба программасын айкалыштырып окутабыз. Бул да болсо, биздин лицейдин өзгөчөлүктөрүнүн бири. Башкача айтканда, кандай жолдор менен кошулмасыз, табигый-таза азыктарды өндүрсө болорун балдарга үйрөтөбүз. Теория менен практиканы айкалыштырууда корообуздагы чакан бакчабыздын жана күнөсканабыздын кызматы чоң. Ал жердеги урук себүү, көчөт олтургузуу, күнөскананы тазалап-кароо сыяктуу иштердин баарын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тайпасы жасайт. Окуп-билген нерсесин кайра эле өзүбүздүн короо-жайдан жеке кара күчү менен өздөштүргөн окуучу, алган багытындагы адистигине кадимкидей ыктап калат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды башкалардан бөлүп өзгөчө деле мамиле жасабайбыз. Тескерисинче, баардык окуучулар сыяктуу эле тең карап, алардын өз алдынча болушуна, коомдон өз ордун табуусуна жардам беребиз. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген 32 бала билим алып, алар менен бир гана тарбиячы иштешет. Албетте ар бири менен жеке алектенип жетишүүгө кыйын. Ошондуктан быйыл 3-курстун студенттери бизге жардамга келип, ар бир бала менен өз алдынча иштешип, жөнөкөй эле тишин жуугандан баштап, окуп-жазганга чейин үйрөтүштү.
Көктөм көчөттөр
Кадырова Клара 3 жыл мурун аталган лицейдин туризм тармагына (мейманкана иштери) тапшырган. Билинбей убакыт өтүп, бүгүн бүтүрүүчү болуп толкунданып турган чагы. Ал лицейге тапшыргандан тарта окуу жайдагы өткөргөн күндөрүн мындайча эскерди:
- Бул окуу жайды мага эжем сунуштап калды. Бирок окуйм деген оюм жок эле лицейди көрүү үчүн келгем. “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, келгенде эле лицейдин короо-жайы, жасалгасы, тартип-тазалыгы, үйдөгүдөй атмосферасы мага аябай жакты. Окуйм деп дароо чечим чыгарып, документтеримди тапшырдым. Билинбей эле 3 жыл өтүп, бүгүн бүтүрүүчү болуп турам. Бир чети чоң жашоого кадам таштап толкунданып жатсак, бир чети өз үйүбүздөй болуп калган окуу жайыбыздан кеткибиз келбей турат. Себеби, бул жерде биздин унутулгус жакшы күндөрүбүз калды, көптөгөн досторду ушул жактан таптык. Эң башкысы, мугалимдерибиздин мээрими менен жашоону сүйүүгө, максат коюуга, адамгерчиликке жана эмгекчилдикке үйрөндүк. Мугалимдерибиз керек учурда ата-эненин, байке-эженин да ордун толуктап, бизге колдоо көрсөтө алышты. Ар жылы 1-июнь күнү эжей-агайларыбыз майрам уюштуруп, белектерди берип, чогуу ырдап-бийлеп көңүлүбүздү көтөрүп, өзгөчө күн уюштурушат эле. Албетте, бул бактылуу көз ирмемдерди эч качан унутпайбыз жана мугалимдерибизге бул үчүн абдан ыраазыбыз.
Чындыгында эле мугалимдик кесип ары сыймыктуу, ары түйшүктүү. Келечек жаштардын колунда болсо, илим-билимдүү жаштарды өстүрүү мугалимдердин колунда. Анын сыңары №43 кесиптик лицейдин мугалимдери да тарбия менен мээримин, убактысы менен мээнетин, улуу тилек менен сүйүүсүн балдарга арнап, элге кызмат кылуучу адистерди өстүрүп келишет.
“Биз, эмгек жамаатыбыз менен балдарга татыктуу тарбия берип, келечектин кесип ээлерин даярдоо үчүн тынымсыз аракет кылып келебиз. Муну менен ат көтөргүс иш кылып жатабыз дегенден алысмын. Бул нерсени жөнөкөй эле адамгерчилик катары баалайт элем. Себеби, сен бирөөгө жакшы нерсе үйрөткөнүңдө гана жакшылык кылган болуп эсептелет экенсиң”, - дейт Бактыгүл Мусаевна.
Лицей, 2017-жылы ИСУР коомдук фондусунун “Астра жайлоосу” долбооруна катышып, телескоп жана астрономиялык окутуу программаларын белекке алышкан. Окуучулар ал программалар менен астрономия сабагын өтүшсө, телескоп аркылуу түнкүсүн ай-жылдыздарды карашат.
Биз көрүп күбө болгон №43 кесиптик лицейиндеги балдар окуу менен эмгекти айкалыштырып, ал тургай чакан киреше булагын таап жаткандарын чоң жетишкендик деп айтсак болот. Албетте, бул ийгиликтин өзөгүндө окуу жайдын окутуучуларынын талыкпас эмгеги, маңдай тери, балдарга болгон мээрими, сүйүүсү жатат. Мугалимдердин балдарга болгон аяр мамилеси алардын келечекке болгон үмүт отун жандырып, ишенимин арттырат. Ал эми өлкөбүздө аз да болсо мындай окуу жайлардын болгону кубандырбай койбойт. Миңдеген балдардын келечекке канат кагып, чоң турмушта өз жолун таап кетүүсүнө өбөлгө түзүп, багыт берген касиеттүү окуу жайдын мындан ары да өркүндөп-өсүп коомдун өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенебиз.