“Кийиз дүйнө” - Азыркынын байыркы көчмөн жашоосу

Ар бир кыргыз жаранынын жүрөк түпкүрүндө эч кимге айтпаган бир ыйык сезими болот. Ал сезим, ал кусалык Ала-Тоого, шаркырап аккан сууларга, атыр жыттуу коктуларга, келберсиген келбети менен тосуп алган  куттуу арчаларга арналгансыйт...

Ата-бабабыз илгертен  эле тоонун койнунда төрөлүп, ошол жакта табият менен тыгыз байланышта жашап келген. Бул нерсе бизге энебиздин ак сүтү менен өткөн сыяктуу. Баам-туюмубузду салсак, ички көксөөбүз асман тиреген ажайып Ала-Тоону сагынгандай. Бирок аны этибарга албай, алсак да кантип ал жакка жетерибизди билбей, жетсек да 21-кылымдын оорусу болгон телефон, интернетти ошол жерден издеп айлабыз куруйт. Акыры чыдабай, барган тообуздун, жайлообуздун койнунан эки-үч күндө шаарыбызга кайтабыз. “Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, келгенибизден баштап кайра жан адамга билинбес кусалык башталат. Бул тууралуу кезинде кыргыздын нечен деген акындары айтып келген. Ошондой акындардын бири Камбараалы Бобулов атабыздын жазган чыгармасы азыр эсиме түштү:

Мейли сансыз театрлуу, оюн-күлкүлүү, көчөлөрү таптаза, имараттары  асман мелжиген  эң ажайып  шаарда окубагын, жашабагын -  алыскы  тоо арасындагы  айылыңды, асман мелжиген тоолорду, коктуларды өзгөчө  сагыныч, жылуу сезим, сыймык менен эстейсиң!”

Мына ушул жерде эле канчалаган философия, адамдын жан дүйнөсүн ойлондурган дымактуу сөздөр жатат.

Долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Көк-Жайык жайлоосу, 2019-жыл.

Сөздү алыстан баштаганым, мына бүгүнкү күндө бизге ошондой жылуу сезимди жайлоонун нак өзүнөн сезүүгө, кызыктуу жана пайдалуу көчмөн жашоосун телефонсуз, интернетсиз өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип  жаткан адамдар да бар экен.

Алар кимдер, бул эмне болгон конуш, ал нерсе биздин канда жаткан  кусалыкты кантип кандырат, оюбузду ишке кандайча ашырат? – ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси Айдай АСАНГУЛОВА жооп бермекчи. Эмесе, келиңиздер, баарыбыз “Жайлоодогу көчмөн жашоого” сапар алалы...

- Айдай айым, “Жайлоодогу көчмөн конушу” долбоору кандайча пайда болду? 

- Бул долбоордун келип чыгуусуна 2012-2013-жылдары Тоң районунун Кызыл-Туу айылында өткөрүлгөн “Кийиз дүйнө” фестивалы себеп болгон. Фестивалдын максаты айылды этнографиялык айыл кылуу, өзгөчөлүгүн даңазалоо болуп саналган. Жеке оюмда, фестивалда элдер сандыктарында жаткан улуттук эски кийимдерин кийип чыгат го дегем. Бирок андай болгон жок, элде атайы сакталган кийимдер жок экен. Дагы бир көйгөй, баш кийимдин, элечектин жогу болду. Базарда эптеп даяр жасап койгон элечектердин элибизге таркатылып жатканын көрүп, “демек толгон-токой көйгөйлөр бар экен, биз мындай эмес, башкача иштешибиз керек” деген ойго келдик да, нугубузду бурдук.

Бул маселенин үстүндө көпкө иштеп, 2015-жылы  биз 10дон ашык адам атайы жайлоого барып көчмөн жашоодо 10 күн жашап көрөлү деп, свет-газы жок очок жагып, оокат кылдык. Ошол эксперименттен кийин жыл сайын жайында бир айдан “Жайлоодогу көчмөн  конушун” өткөрүп келатабыз. Муну уюштуруунун аркасы менен көп нерселер келип чыкты.

Биринчиден, жайлоого барып жашайм дегендер көчмөн жашоонун атмосферасын толук сезиш үчүн, алар илгеркидей кийим кийиши керек, илгеркидей буюм колдонушу керек дедик. Бул үчүн атайы окуу ачып, өздөрү келип бизден салттуу кийимдердин жөнөкөй бычымдарын бычканды, тиккенди, элечек орогонду үйрөнүүгө шарт түздүк. Жыл сайын катышуучуларыбыз ушундай окуудан өтүп, ал билимин практика жүзүндө жайлоодон колдонуп, муну менен нукура кыргызча кийинүү, оокат-аш кылуу дегенди  өздөрүнүн балдарына, неберелерине, ага-туугандарына таанытууга, жайылтууга салымын кошуп жатышат. Жайлоодогу конушубузга сөзсүз салтуу кийим менен баруу - бул биздин талабыбыз. 

Көмөч казанаг бышкан нан

- Жайлоодон алар кандай иштер менен алектенишет?

- Катышуучуларыбыз уй саап, бээ саап, кымыз бышып, жаргылчакка талкан тартып, курут жасап, улуттук тамак-аштарды бышырып, андан тышкары кол өнөрчүлүктүн түрлөрү менен да алектенишет. “Карысы бардын ырысы бар” демекчи,  “Сүйлөсө кеби оозунда, кылса иши колунда” болгон кеменгер ата-апаларыбызды жайлоого сөзсүз түрдө конок катары чакырабыз. Улуу мурасты билген улуу муундагы адамдар жылдан жылга азайып баратат, алардан акыл-насаатты да угуп калуу, кол өнөрчүлүгүн да үйрөнүү ар бирибиз үчүн кымбат баалуу нерсе деп эсептейм.

Топ таш ойногон секелектер

- “Жайлоодогу көчмөн конушка” катышуу үчүн сөзсүз эле сиздердеги окуудан өтүш керекпи?

- Жайлоого жөн киши барам дебейт. Кыргыз кийимин кийгиси келет.  Анан биз аларга даяр көйнөктү сатып ал дебейбиз. Ар бир адамга өзү жасаган буюм баалуу болгондой эле, адам качан өзүнө тигип алып кийгенде, ал көйнөк барктуу болот. Ал салттуу кийимин сыймык менен кийет.

Чүкө атуунун кызуу учуру

- Катышуучу катары эмес, жөн эле бир-эки күнгө барып көрүп кетели дегендер болсочу?

- Мындай адамдар албетте болуп турат, аларга “макул, көрүп кетиңиз” дейбиз. Баардык каалоочуларга эшигибиз ачык, келип чай ичип кетишсе каршы эмеспиз. Биз ачык бололу деп чечтик. Себеби, чет элдиктерди айтпайлы, өзүбүздүн эле кыргыздар келип, “кыргыздар” менен сүрөткө түшөлү дешет. Чынын айтсам, сүрөткө түшүүгө убакытыбыз аябай кетип калат. Ары өткөнү деле, бери өткөнү деле сүрөткө түшүп алалы деп токтошот. Ошондон улам кийин түшүндүк, демек биз туристтер үчүн эмес, өзүбүз үчүн мындай салттуу иш-чараларды жасап, жылдан жылга баалуулугубузду жайылта беришибиз керек.

Көмөч казанга бышкак нан

- Бул долбоордун жүрүшүнө жаштардын көз карашы кандай? Бир ай бою интернетсиз жашоо аларга кыжаалаттык жараткан жокпу?

-  Негизи, жайлоого бараткан адам “байланышта боло албайм” деп жакындарына кабардар кылып кетет. Телефонду сүрөткө түшүү үчүн эле колдонбосо, ал жакта буга убакыт деле жок. Ар бир катышуучу күнүмкү  оокаттардан, күн тартибиндеги иштерден бошобой калат. Ошол үчүн, интернеттин жоктугу эч кандай маселе жаратпайт. Зарыл түрдө байланышка чыгыш керек болсо, ылдый түшүп чалышып-сүйлөшүп алышат.  

- Жайлоодогуларга тамак-аш, кол өнөрчүлүктөн тышкары дагы кандай таанытымдар каралган?

- Биз кыргыздын салтындагы адептерге да олуттуу көңүл буруудабыз. Мисалы, эң эле жөнөкөйү, эртең менен турганда агын суунун жээгине отуруп алып жуунганга болбойт дейбиз. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болор” дегендей, сууну сузуп алып, жээктен алысыраак отуруп жууну - бул да тазалыктын бир белгиси. Мындан тышкары, кымызды кантип ичүү керектен баштап, эски очокту тебелебей көмүп коюу деген сыяктуу ырым-жырым, каада көрүнүштөрүн үйрөтүүгө аракет кылабыз.

Саан учуру

- Сиздер барып жайгашканда айланадагы коңшулар кандай кабыл алышат?  

- Бул өзүнчө кызыктуу нерсе. Биз барып жайгашкандан кийин баарыбыз салттуу кийинип чыгабыз. Бирин-экин элечекчен апаларыбыз конуш менен таанышып, коңшу-колоңго салам айтып, суусу кайсы жерде, отунун кайсы жерден алып келүү ыңгайлуу деп баам салышат. Ошондо ал жердегилер бизге аябай таң калышат. Абдан кызыгып, атайы келип таанышышат. Биз чайыбызды берип, баарлашып, алаканы бекем түзүп алабыз. Анан алар бизди “кыргыздар” деп атап алышат. Айласыздан күлкүң келет, себеби алар деле кыргыздар да...

Буудай сапыруу

- Кыргызстандагы ар бир аймактын өзүнө тиешелүү ырым-жырымы, өзгөчөлүгү болот эмеспи? Сиздер бул өзгөчөлүктөрдү четке какпай  сактайсыздарбы же бир тартипти карманасыздарбы?

- Сөзсүз түрдө өзгөчөлүктөргө маани беребиз, элдер баардык өзгөчөлүктөр менен тааныш болсун дейбиз. Мындай ар түрдүүлүктү тескерисинче жоготпошубуз керек. Тарыхыбызда деле жазылуу, кыргыз аялзатынын кийим өзгөчөлүктөрүн билип алсаң, ал аял кайсы уруудан экенин, кандай элден экенин билүүгө болот дегени. Бул эч кандай бөлүп- жарууга кирбейт, жөн гана аймактык өзгөчөлүк. Салт өзгөчөлүктөрү боюнча айта турган болсом, мисалы, азыркы учурда келин келгенде чач өрүү салты бир гана Нарындын Ат-Башысында, анан Жамбулак деген айылында бар. Эл ичинде аз гана учурап калган мындай өзгөчөлүктөрдү барктап-баалап туруу оң.  

Ала кийиз жасоо

- Сиздин жаштарга айтаар кеп-кеңешиңиз кандай?

- Айтаарым, ооба, азыркы учурда замандын талабына ылайык болушубуз керек, бирок, ар бир улут өз түпкүлүгүн, тамырын, өзөгүн сактай алганы өтө маанилүү эмеспи. Мунун өзү өзүңдү-өзүң сыйлаганың, каныңдагы ата-тегиңди, ата-бабаңды барктаганың.  Баарыбыз көрүп эле жүрөбүз, “кыргызча кийинип кел” десең эле, базарда сатылган синтетикалык арзан кийимдерге качырышат. Кааларым, нукура, таза, табигый нерсени кийип өзүбүздүн ден соолукту эске алсак. Өзгөчө, жаш жигиттерге айтат элем, өзүңдүн башыңды урматта, синтетикалык 150 сомдук калпакты кийбе! Андан көрө атайы акча чогултуп тиктирип ал, же сатып ал. Эмне  үчүн биз кымбат телефон көтөргөнгө 20 миң сом табабыз да, жакшы калпакты кийип жүрүүгө 1,5 миң, 2 миң сом таппайбыз? Ар ким өз башын ардактаса, сыйласа, анан аны эл да сыйлайт. Башыңарга ар дайым ардактуу нерсе кийгиле, баш кийим эң биринчи орунда экенин билгиле, жаштар!

Image

Нуркалый МАСАЛБЕКОВ

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.