Нукура Кыргыз Журналистикасы мектеби

Нукура Кыргыз Журналистикасы мектебинин окуучулары

Урматтуу окурман!

“Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун демилгеси, “ИСУР” коомдук фондусунун колдоосу жана “Бирдиктүү Өнүгүү” коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн НКЖ долбоорунун кыска мөөнөттүү окуусу салттуу билимдер жана экология багытында жүргүзүлдү.

Долбоордун жыйынтыгы менен окуучулардын жазган макалалары колуңуздардагы гезитке жарыяланып, видео-материалдары jash.journalist.kg сайтына жайгаштырылды.

Жаш журналисттердин кесиптик жана чыгармачылык жактан сапаттуу жетилишин көздөгөн НКЖ мектеби учурда ишин өз алдынча улантууда.

Бул агартуучулук ишмердүүлүк - медиа тармагында көп жылдан бери эмгектенген, тажрыйбалуу, өз көрүүсү бар, ошондой эле социо-экологиялык, адеп-укуктук мекенчил журналистика багытын баштап келе жаткан жигердүү жарандардын көз карандысыз демилге-иши болуп саналат.

Марат Токоев ШКЖнын катышуучуларга тренинг өткөрдү

НКЖ мектебинин озуйпасы

Жеке руханий өсүүгө, маданиятка жана жаратылышка болгон жеткилеӊ мамилени калыптандырып келген салттуу баалуулуктарды сактап калуу, аларды бекем тутуу жана өнүктүрүү - НКЖ мектебинин озуйпасына кирет. Мунун ишке ашырылышына Нукура Кыргыз Журналистикасы мектеби окутуу жана практикалык аракеттер аркылуу жетишүүгө кадам таштоодо.   

Максаты

НКЖ мектебинин максаты: Кыргыз журналисткасынын сапатын жогорулатуу жана бекемдөө; кыргыз тилинин дарамет күчүн жана учурга шайкештигин сапаттуу мультимедиялык мазмундарды жаратуу менен ачып берүү; элдин аӊ-сезимин жогорулатуу аркылуу алардын көӊүлүн салттуу билимдерге, адам жана табият маселелерине буруу.  

Алган багытынан, койгон максатынан улам, НКЖ мектебин көз карандысыз мекенчил журналисттердин коому деп түшүнсө болот.

Ишмердүүлүк маселелериндеги кадамдары:

 

  • Кыргыз журналистикасынын негиздерин окутуу жана өз ара уюмдашууга үйрөтүү;
  • Кесиптик, чыгармачылык жана уюштуруучулук жөндөмдөрдү өстүрүү;
  • Илимий чөйрө менен, жана ошондой эле салттуу билимдерди аркалаган адамдар менен алаканы түзүү.

Тил – НКЖ мектеби үчүн олуттуу негиз

Эмне үчүн НКЖ мектеби максат-озуйпасына тилди негиз кылып алууда? Тил – жашоону кабылдоонун жана курчап турган дүйнө менен алака түзүүнүн башкы куралы эмеспи. Тил бизге байыркы доордон бери карай үзбөй уланып келе жаткан муундардын бай тарыхый-маданий жашоо тажрыйбасын берет. Жашоодогу мыйзам ченемдүүлүктөрдү аӊдап түшүнүү муктаждыгынан улам дагы тилдин айныксыз орду бар экенин белгилей кетели. Анткени, тил миӊдеген жылдардан бери элдин жашоо тажрыйбасынан тамып чыккан, жергиликтүү табияттын өзгөчөлүгүнүн айкалышында жаралган татаал система. Ошондуктан, табияттын сырын түшүнүү жана аны менен шайкештикке келүү тил аркылуу ишке ашырылат. Мындан улам, тил коммуникациялык функцияны аткаруудан мурда, жашоо тууралуу түбөлүк билимди камтыган универсалдуу база болуп саналып, анда жашоо түзүмүн бере турган принциптер катылган.

Кыргыз тилин түшүнүү жана колдонуу – жаратылыш маселесин, ошондой эле жаӊы заманга ылайык жашоо түзүмдөрүн куруунун механизмин берет. Бул жерде эч кандай эмоционалдык боёгу жок рационалдуу сергек кызыкчылык жатат.  Биз тилди көтөрүүнүн практикалык мааниси ушул деп түшүнөбүз.

Нукура Кыргыз Журналистика мектебинин видео репортажы

"Нукура Кыргыз Журналистика мектеби" КТРК каналында

Статья предоставлена общественным фондом «Целостного Развития». 

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.