СССРде жаралган жандык - Кыргыз чаар тоогу

Бүгүнкү күндө пайдасынан зыяны көп, гени өзгөртүлгөн (ГМО), олуттуу ооруларды пайда кыла турган азык-түлүктөр күндөн-күнгө көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Мындайда, таза, сапаттуу, эң башкысы ишенимдүү колдон чыккан азыктар көздөн учат эмеспи. Бул жагына сереп салганда, ден соолукка пайдалуу, эң башкысы, нукура жана сапаттуу азык-түлүктөрдүн көбөйүүсүнө себепчи болгон жарандардын эл ичинде бар экени абдан кубандырат.

Биздин макалабыздын каарманы, Кочкор районунун тургуну Алмаз Раев мына ошондой жигиттердин бири. Ал СССРдин энциклопедиясына киргизилген, 1950-жылдары Кыргызстандын Айыл чарба институтунда атайын селекциянын негизинде чыгарылган кыргыз чаар тоогун багууну жандандырып, алардын көбөйүшү үчүн өз ишкердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Өзгөчө камкордук, өзгөчө багуу

Алмаз мырза чаар тоокторун кантип издеп чогулта баштаганы өзүнчө кызыктуу: 

Алгач өзүбүздүн айылды кыдырып чыктым. Айылда болгону бир чаар тоок, бир чаар короз гана бар экен. Экөөнү дароо сатып алдым да, андан кийин Кочкор районунун башка айылдарын, Чүй өрөөнүнүн Токмок, Сокулук жана Бишкектеги базарларын кыдырып жүрүп калганын чогулттум

 - дейт ал.

Алмаз Раев азыркы тапта кыргыз чаар тоогунан алтымышты, төрт чоң корозду жана токсон балапанды багууда. Канаттуулардын ургаачысы  2-8 кг чейин, ал эми корозу 3-3,5 кг чейин эт берет. Бир чаар тоок жылына 170 жумуртка берет деп белгиленген, бирок, анын багып жаткан тоокторунун ар бири жылына 200 жумурткага чейин тууйт.

Тооктор жакшы тууш үчүн алардын жеген жемине өтө маани бериш керек. Мисалы, сууланган арпаны 1-2 күнгө  жылуу жерге коюп койсо ал өнөт. Мына ошону берген жакшы. Мындай азык тооктордун күнүгө тууп турушуна өбөлгө болот. Ал эми негизинен алганда, тооктор эки күндө бир тууйт, анткени организм кальцийди иштеп чыкканга жетишиш керек. Кальций жетишсиз болсо, жумуртканын сырты катуу болбой калат эмеспи. Бул үчүн, мисалы, өндүрүштөрдө тоокторду күнүгө туудуруш үчүн  биокошулмаларды берип коюшат. Ал эми өндүрүлгөн арпаны, буудайды берсе тоок жакшы тууйт жана семирип эт алат, күрп болуп жумуртка басат.

Балапан алыш үчүн тоокту семиз кармаш керек. Анткени, күчү жок тоок баспай туруп кетет. Ошондой эле, тооктордун кальцийи жетиштүү болуш үчүн жумурткалардын кабыктарын өтө мапмайда кылып да берсе болот. Эгер кабыктар чоңураак болуп калса, анда алар өздөрүнүн жумурткасын жей башташы мүмкүн. Мындан сырткары, акиташ, чөп-чар да тоокту кальций менен байытууга жардам берет. Буга катар, “породасы бузулуп кетпеши үчүн короздорду алмаштыруу керек, болбосо, жумурткалары, балапандары  кичирейип кетет

 - деген маалыматтарын берди Алмаз мырза.

Канаттуулардын жеген азыктарына дыккат көңүл бөлгөн Алмаз Раев тоокторду күнүгө короого чыгарып турат.

Эгер фермерлер продукцияларын  табигый жер семирткичтери менен чын дилден өстүрсө, ал таза болот. Ал эми таза азык – бул даамдуу эмеспи

- деп, Алмаз мырза багуудагы чаар тоокторуна эч убакта ийне (укол) сайбайт. Аларды инфекциядан сактоо үчүн чеснокту сыгып, ага калемпирден аралаштырып, анан аны тооктордун оозу-мурдуна  тамчылатып турат. Мындай ыкманы колдонууда канаттуулардын организми тазаланып турат экен.

“Канаттууларды сүйүүчүлөр” клубу

Жакшы нерсени бөлүшсө - ал жакшы ырбап көбөйөт

- демекчи, чаар тоогун көбөйтүү менен бирге туура тамактанууну, ден соолукка кам көрүүнү жайылтууну максат кылган Алмаз мырза өзүнүн ишкердүүлүгүн башкалар менен бөлүшүүнү туура көрүп, 2017-жылы “Канаттууларды сүйүүчүлөр клубун” түзгөн. Уюмга мүчө болгон беш үй-бүлөгө тоокторду бекер берип, аларды багуунун жолдорун да өз тажрыйбасынын негизинде үйрөткөн.

Уюмга катталбаган, бирок чаар тоокту көбөйтүүгө кызыгуусу күч болгон жарандар азыр деле сурап кайрылып турушат. Ал эми быйылтан тарта жандыктарды алууну каалагандар акчага сатып алса болот. Анткени, тооктун жемин, чөбүн жана башкасын акташ керек

-  дейт Алмаз мырза. Жалпысынан аларда (“Канаттууларды сүйүүчүлөр” клубунун мүчөлөрүндө жана ага мүчө эмес кызыкдар болгон жарандарда) эки жүз элүү кыргыз чаар тоогу бар. Тооктор күрп кезинде жумуртка басып балапан чыгарганда, мезгил-мезгили менен  алардан ак тоок же кара тоок чыгып калат экен. Анткени, учурунда (СССР мезгилинде) үч порода – плимутрок, нью гемпшир жана леггорн тооктору жергиликтүү порода менен аргындаштырылган.  Ген кубалап пайда болгон мындай тоокторду Алмаз Раев

дароо сатып жок кылам

- дейт.

“Кыргызская серая курица” деп, россиялыктар да багышат

Кыргыз чаар тоогу климаттык ар кандай шарттарга жана тоолуу аймактардагы температурасы кескин өзгөрүлгөн аба ырайыга туруштук берген жандык болуп эсептелгендиктен, багып-көбөйтүүдө өзгөчө бир шарт-ыңгайларды талап кылбайт. 

1991-жылы алардын саны өлкө боюнча 250 миңге чейин жетсе, ал эми азыркы тапта бул жандык жоголуу коркунучунда турат. Чаар тоокторду мындан ары да терең изилдөөнү, багып-көбөйтүүнү, жайылтууну максат кылган Алмаз Раевдин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Россиядагы орустар “кыргызская серая курица” деп аларды багышат жана кыргыз чаар тоогунун селекциясы менен алектенишет экен.  

Жумуртканы көп тууган “куры несушки” жана этти жакшы берген “бройлер” тоокторундай эле, кыргыздын чаар тоогу эки тооктун бир “ролун” аткарып, жумуртканы да, этти да бирдей жакшы бергендиктен,

өзүбүздүн тоокторду таза азык менен өзүбүз колго багып, ден соолугубуздун тазалыгына өзүбүз кам көрөлү

- деген Алмаз Раевдин жан үрөгөн ишкердүүлүгүнө ыраазычылык гана билдирсек болот.

Image

Мээрим ЭШИМБЕКОВА  

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.