Тарыхтын табериги - Каляк
Каляктын сегиз урууга таандык "Мурас" аттуу топтому
Алыска сапар алдык. Бишкектен алган багытыбыз - Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунун алдында өткөрүлүүчү “Тоолорго саякат” фестивалы.
Жылына болуп туруучу бул чоң фестиваль быйылкы 2019-жылдын 20-июлуна белгиленген. Менин максатым – ошол иш-чарадан “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмесине тийиштүү болгон “Каляк - Чоң-Алай каадасы” долбоорунун каляк тууралуу маалыматтарын топтоо. Бирок, кыргыздын түштүк аялзатына тийиштүү бул баш кийимдин аталышын укканыма аз эле убакыт болгон эле...
Сезимдүү таасирлер
Ош шаарынан Сары-Могол айылына чейинки биздин жолдун узактыгы болжолдуу түрдө үч-үч жарым саат убакытты алат. Жолду ката каляк тууралуу орошон ойлордун кучагында маалымат топтоого ашыгып баратам. Оюмду унаанын ичиндеги маек гана бөлбөсө, жаратылыштын кооздугу кыялдануумду күчөтүп жаткандай... Өзүм менен өзүм сүйлөшүп: “Каляк деген сөз эмне деген маанини туюндурат, анын жасалгасы кандай, эмнеге ал тууралуу билишибиз шарт...” жана башка ушул сыяктуу ар түркүн ойлор менен Сары-Могол айылына кантип жеткенимди да билбей калдым.
Бизди “Каляк – Чоң-Алай каадасы” долбоорунун жетекчиси Ташкулова Шарипа эже жылуу тосуп алды. Алгач эле эшик алдына тигилген боз үй көзгө көркөм көрүндү. Ичине кирсем апалар, селки кыздар, боз улан жигиттер келген-кеткенге деле маани бербестен өз иштери менен алек болуп жатышыптыр. Көрсө, мени жол бою ойго салган каляктын оролуусунун түпкү максатын журтчулукка түшүндүрүп ачып бериш үчүн ушул жаштар кам көрүп, театралдаштырылган, калякка байланышкан “Кыз көчүрүү” каада-салтын атайын көрсөтүү үчүн эртеңки “Тоолорго саякат - 2019” фестивалына кызуу даярданып жаткан учурлары экен. Мен аларга жолтоо болбоюн деген ойдо унчукпай көз салып, даярдык иштери бүткөнчө каляктардын ороо процессине таасирленип, баштан-аяк аларды байкоого алып карап жаттым. Ушул эле жагымдуу иштердин көрүнүшүнө айкалышып, маңдайымдагы аппак мөңгүлүү чокулар, жаратылыштын керемет кооздугу мени экинчи жагынан өзүнө арбап турду. Мына, даярдык да бүттү. Мен апалардын ар биринин башындагы өзгөчө баш кийимдерине суктануу менен тигиле карап, практикалык ишиме тийиштүү маектерди алууга өттүм.
Ар бир маектешим баалуу маалыматтар менен бөлүштү. Көрсө, бул баш кийим өзгөчө XVIII кылымдан XX кылымдын ортосуна чейин көп колдонулуптур. Ал мезгилде кызын турмушка узаткан ар бир эне өз колу менен даярдап, каляк оротуу каадасы менен сөзсүз түрдө кызына атайын белек кылчу экен.
Мурас. Философия. Жашоо
Эртеси биз Сары-Моголдон Ленин чокусу тарапка жол тартып, бийиктикке карай сапар алдык...
Багыт алып бараткан жолдо “Бийик, бийиктик” түшүнүгү эске келип, ал аруулук, улуулук, баалуулук, аракет маанисиндеги сөздөрдү ойго салып жатты. Алсак, ийгилик жаратууда да, биз бийиктикке карай умтулат экенбиз. Альпинисттин алдыга койгон максаты да – чокуларды багынтуу. Ал тургай, аккан суунун башаты да - бийик мөңгүлөрдөн башталат. Бул ойлордон соң, улутубуздун уңгусу да кол жеткис бийиктиктерде таза бойдон сакталып, ошол бийиктиктен бери карай кылымдардан кылымдарга уланып келаткандай сезилди. Бараткан унаамдын терезесинен жолду ката көзүмдү албай, жаратылыш койнунда жашаган кыргыздын жашоосун көрүп келе бердим - Алай өрөөнүндө жашаган тоолуктардын ток пейилдүүлүгү, көөдөндөрүнүн тереңдиги, байыркы баба салтын сактагандары, нукура кыргыз баалуулуктары менен жашагандыктары алардын жүрүш-турушунан, кийген кийимдеринен, жасап жаткан иштеринен байкалып турду.
Бир топ убакыттан кийин Ленин чокусунун алдына да жеттик. Иш-чара өтүлө турчу жерге алгач келгенде эле: ак мөңгүнүн бийиктиги менен тазалыгын белгилеп турган ак калпакчан аталар, түштүк аялдарынын, анын ичинен өзгөчө ичкилик уруусуна таандык баш кийим калякты суйкая кийип жүргөн апалар, жаратылыш койнундагы кол өнөрчүлөрдүн арт-галереясы, конокторго арналган боз үйлөр, музыкалык аспаптарда кол ойнотуп жаткан ырчы-чоорчулар чет элдик туристтерди гана эмес, биздин да кызыгуубузду арттырып жатты.
Мына ушул фестивалдын жүрүшүндөгү “Каляк - Чоң-Алай каадасы” долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн “Мурас” аттуу сегиз урууга таандык (Төөлөс, Кыпчак, Найман, Каңды, Чал тейит, Кыдырша (Шамирек), Жаманаң) каляк оромдорунун топтому көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө бурдурду. Каляк боюнча баардык баалуу нерселер жана анын маани-маңызы, каадасы менен салты “Кыз көчүрүү” театралдашкан оюну аркылуу элге тартууланып, эң башкысы, мындан ары да калякты көпчүлүккө жайылтып, жаңы варианттарын иштеп чыгып, келечек муунга өткөзүп берүү иш-аракеттерин колго алуу керектиги оюн-көрсөтүүнүн негизинде жалпы журтчулукка жеткирилди.
Дал ушул “Кыз узатуу” салт-оюну аяктаар менен көпчүлүк эл агыла келишип, каляк кийип жүргөн апалар менен кезектеше сүрөткө түшүп, жасалгаларын колдору менен кызыга кармап да, кийип көрүүгө уруксат сурап да жатышса, журналисттер болсо биринен сала экинчибиз суроолорубузду камдап, каляк кийген апа-эжелерди жандай баштадык...
Менин назарым жаш курагы алтымыштардагы апага түштү. Ал өзүнүн шуруларын, азем буюмдарын улам-улам аяр сылап коёт... Ушул көрүнүштүн өзүнөн апа зер жасалгаларына өзгөчө мамиле кылаарын байкадым. Жанына акырын басып барып, апанын кийип турган калягы, жасалгалары тууралуу сурасам, алар өз энесинен калган таберик буюмдар экенин айтты.
Тумарбү апа
- Башымдагы каляк апамдан калган асыл буюм. Аны мен турмушка чыгып жатканда апам өз колу менен шөкөттөп жасалгалап, кийгизип узаткан. Андан бери жарым кылымдай убакыт өтсө да, азыр эле жасап бергендей аяр мамиле кылам. Апамдын көзү өткөн соң, апам жасап берген буюмдарга анын колу тийген үчүнбү, айтор, аябай ыйык сезилет. Ошол себептен да аздектеп, аяр мамиле кылып сактап келе жатам”,
- дейт Тумарбү апа жасалгаларын шылдырата сылап. Андан ары сөзүн улантып, каляк тууралуу буларды да чечмелеп айтып берди:
- Турмуш жолуна узап жаткан кызга калякты ар ким эле орой берген болбойт. Аны үлгү боло турган, абышкасы менен көп жылдан бери түтүн булатып келаткан, канат-бутагы жайылган бала-чакалуу, эл ичинде наркы бар байбиче ороп берүүсү шарт. Бул деген, “башың бүтүн болсун, алган жарың менен бирге бактылу-таалайлуу өмүр сүр” деген сыяктуу жакшы тилек-баталарды камтыган ырым-жырымдардын бири.
Түрсүн апа
Кийинки маектешим Түрсүн ападан каляк тууралуу мындай маалыматтарды алдым:
- Кыз турмушка чыккан учурда барган жериндегилер кыздын азем жасалгаларынан алардын жашоо-шартын, атасынын колунда бар же жогун, апасынын ууз-чеберчилигинин деңгээлин айттырбай билишкен. Кыздуу үй-бүлө каляктын ар бир бөлүгүнө кылдат мамиле кылып, кыз бой жеткенге чейин колдорунан келишинче шөкөттөп жасалгалаганга үлгүрүүгө аракеттенишкен. Каляк – кооздук үчүн эле кийилген эмес. Айталы, эгер сагак кулакты ысык-сууктан сактаса, оромдун учу шуштугуй болуп турганы жүзүңдү күндөн, кышкысын шамалдан калкалаган. Ал эми чач кептердин күмүштөн жасалгаланганы тулку бойду түз алып жүргөнгө, белдин ооруларын болтурбоого шартталса, сагактагы шурулар антибактериалдык милдетти аткарып, жугуштуу оорулардан, күмүштөр аялдарды көкүрөк, ашказан ооруларынан сактап турган.
Шарипа Ташкулова
Мындай кызыктуу маалыматтарды толуктап, “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмесинин жана “Каляк - Чоң-Алай каадасы” долбоорунун жетекчиси Шарипа Ташкулова эже да каляк боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
- “Калаяк” – бул “калла” (“баш”) дегенди, ал эми “ак” – кездемени түшүндүрөт. Бул нерсенин өзү эле тоо, бийиктик образын берет. Буга далил катары, биринчиден, анын оромдорунун аска-зоого окшоштугу болсо, экинчи бир тарабы, калякты кийип турмуш жолуна аттанып жаткан кызга тоодой болгон жооопкерчилик жүктөлүп жатат деген маанини камтыйт. Түркияда жашаган теги кыргыз, сүрөтчү Тажигүл Күнтүз өз эмгегинде аялдын баш кийими аалам галлактикасын көтөрөт деген философиялык маанини берген. Каляктын аталышында жана кат-кат оролуусунда “башың оор болсун, жашоодо кандай жагдай болбосун, сырыңды кат” деген маани жатса, калякты бүтүн орогонунун себеби, “башы бүтүн болсун деген маани” дешет.
Долбоор ишиндеги изилдөөлөрүбүздүн негизинде, каляк XVIII кылымдан XX кылымдын ортосуна чейин абдан өнүгүп, баш кийимге кызыгуу абдан күчтүү болуп, кызын турмушка узаткан ар бир эне өз колу менен даярдап, белек катары беришкени анык болду. Ал эми учурда каляктын эл тарабынан күндөн күнгө жакшы кабыл алынып жатканына күбө болуп, биз анын келечеги бар экенине жана мындан ары да биз максат койгондой жанданып-жайыла берерине ишенимибиз чоң болууда.
Ооба, жогорудагы баалуу маалыматтарга баам салсак, мындай чоң философияны камтыган баш кийим кыз балага ары таберик болсо, ары жашоосунун даңгыр жолуна аттанганда ата-энесинин аруу тилектерин камтыган бата, башка буюмдардан өзгөчөлөнүп энеден кызга өтүүчү улуу мурас экендиги талашсыз.
Көрсө, “Баш кийимиңди жоготконуң, башыңды жоготконуң” деген улуулардын айтканы да жөн жеринен эмес тура. Демек, баш кийимдин баркын билмейин, жашоодогу башка нерсенин да баркына жете албайсың. Ошол себептен да, башка бүлөгө тукум улоо, учугун узартуу үчүн бараткан кыз балага эне тилеги менен жасалган каляк - жашоону маңыздуу улантуу үчүн караңгыда жол көрсөткөн шам чырак болуп берүү милдетин аткарган экен.
Долбоор тууралуу маалымат
- «Каляк – Чоң-Алай каадасы» долбоору «Туруктуу өнүгүү стратегиялары институту» коомдук фондунун «Жаштар демилгеси» программасынын алкагында 2019-жылдын февраль айынан тарта ишке аша баштаган.
- Иштин алгачкы жүрүшүндө Алай жана Чоң-Алай райондорунда изилдөө иштери жүргөн.
- Май айында Тажикистандын Мургаб районундагы кыргыздарга аттанышып, ал жердеги энелерден калякка тиешелүү окуяларды, каада-салттарды угушуп, каляктардын оромдору менен таанышып, ошондой эле кеп такыялардын, дүрүя жоолуктардын, жүз жапкы, чачпак жана азем буюмдардын үлгүсүн алышкан жана сайма сайуунун өздөрү билбеген жаңы ыкмаларын үйрөнүшкөн.
- Эгер долбоорго чейин беш урууга таандык каляк оромдору (“Мурас” аталышындагы каляк топтому) бар болсо, долбоордун негизинде бул топтом дагы үч уруунун: Чал тейит, Жаманаң, Кыдырша (Шамирек) урууларына таандык баш кийимдер менен толукталган.
- Долбоор алкагында кыз-келиндер кеп такыяга илгеркиче терс кайык саймасын сайууну жана каляктын оромдорун үйрөнүп, дүрүя жоолуктардын түрлөрүн өз колдору менен жасашып, жоолукка тагылуучу кыргак сокконду да үйрөнүшкөн.
- Өрмөк (таар) согуу, өрмөктөн түрдүү буюмдарды жасоо максатында Дароот-Коргон, Кашка-Суу, Сары-Могол айылдарына “Арт-галерея” ачылган.
- 2019-жылдын 20-июлунда “Тоолорго саякат” фестивалында каляктын оролуусунун түпкү максатын элге түшүндүрүп-жеткирүүнүн негизинде атайын театралдаштырылган “Кыз көчүрүү” каада-салты Сары-Могол айылынын байбичелери жана жаштары тарабынан көрсөтүлгөн.
- Долбоор алкагында жаңы дүрүя жоолуктарын өз колдору менен жасаган алты кыз жана Дароот-Коргон, Кашка-Суу, Сары-Могол айылдарынан жыйырмадан ашуун аял атайын өздөрүнө каляк оротушуп, аталган фестивалдын көркү болушкан.
- 2019-жылдын август айында, “Мурас” топтомун толугу менен чагылдырган “Каляк” аталышындагы түстүү альбом басмаканадан жарыкка чыккан.