Тоо мөмөсү
Жапайы чыны карагат
Карагат
Мөмөсүнөн тартып тамырына чейин адамдын ден соолугуна пайдалуу болгон карагаттын курамында көптөгөн витаминдер, адамдын иммунитетин бекемдеген минералдар бар. Мындай карагат бадалдарынын тоо боорлорунан, агын суунун жээктеринен жок болуп баратканына тынчсызданып, аны көбөйтүп өстүрүүнү демилгелегендердин бири
Бегайым МУРЗАЛИЕВА
Бул өсүмдүккө аяр мамиле кылууну талап кылган Бегайым айым Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жашайт.
Бегайым Мурзалиева
Карагат бизнесинин кесепети
Бегайым Мурзалиева мугалим болуп эмгектенет. “Чыны карагатты сактоо жана көбөйтүү” долбоорун баштаганга чейин, мурастарды сактап калуу жаатында бир катар уюмдар менен, ыктыярчы катары фонддор менен иштешкен.
Балалык күндөрү жайлоодо карагат терип өткөн каарманыбыздын ата-энеси жайкысын Ача-Кайыңды айылындагы Көк-Жон жайлоосун жайлап турушчу. Ал күндөрүн Мурзалиева мындайча эскерет:
- Кичине кезимде жыл сайын жайлоого чыккан учурда суу жээктеринде, булактардын айланасында жана аска-таштарын бойлой карагат бадалдары жайнап өсүп турчу эле. Терип жегенибизде колдорубуз бир нече күндөп, ал эмес жумалап кызыл-тазыл болуп жүрчү. Көрсө, карагаттын табигый боёгу күчтүү болоорун кичинебизде этибарга албаптырбыз.
Балалыгым өткөн тоолорго кийин барганымда, мурункуга салыштырмалуу карагаттын азайып калганын, кээ бир жерлер болсо такырайып боз топуракка айланганын көрүп абдан зээним кейиди. Көрсө, айыл эли карагатты бизнеске айланткандан бери аны жөн тербей, бутак-бутагы менен, түп-тамыры менен үйлөрүнө кыйып кетип жүрүп ушундай акыбалга жеткиришкен экен. Үйлөрүнө барганда анын мөмөсүн үзүп алышат да, өзүн отун кылышат. Жаратылыш берген байлыктан пайда көрүп алып, анан бирок жапайы чыны карагаттын өзүн тебелеп-тепсеп жок кылып жаткандарын кандай түшүнсө болот? Мейли, киреше таап 5-10 жыл пайда көрүшсүн, бирок андан кийинчи?.. Азыр жашап жаткан адам кийин жашай турган адамдарды да ойлоп, ошол эле учурда, табияттан жакшыны алган соң кайра табиятка жакшыны бергенди да билиш керек эмеспи. Мына ушундай аянычтуу жагдайдан соң, карагатты коргоо, аны өстүрүп көбөйтүү тууралуу долбоор жазып, 2017-жылы ИСУР фондунун конкурсунан жеңишке ээ болгом.
Б. Мурзалиева карагатты сактап калуу ишин окуучулар менен биргеликте баштады.
“Улуу муунга караганда, жаш муун жакшы кабыл алды”
Нарындын кызы, Көлдүн келини болгон Бегайым айым карагатты Ат-Башыдан көбөйтүү үчүн алгач өзү туулуп-өскөн айылына барып изилдөө кылган. Анткени, Ысык-Көл аймагында жыл сайын карагат фестивалы уюштурулат жана мындай иштердин арты менен жергиликтүү тургундар карагатты көбөйтүп алууну жолго салышкан.
Демилгелеп көтөрүп чыккан ишин баштоодо каарманыбызга жер тилкеси керек болгондуктан, ал Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин жетекчилиги менен макулдашып, мектептин аймагынан чакан жер бөлдүрүп алган. Бирок, бул ишкердүүлүктү улуу муундагыларга түшүндүрүп жеткирүү кыйын болгондуктан, Бегайым айым окуучулар менен иштешүүнү туура көргөн:
- Бир нерсени кийинки муунга өткөрүп бергиң келсе, ошол өсүп келаткан балдардын өздөрү менен иштеш деген сөз бар. Ошондуктан мен атайы мектепке келип, тест өткөрүү жыйынтыгы менен 20га жакын окуучуну тандап алгам. Алар чыны карагат тууралуу маалыматтарды тез эле кабыл алышып, суроо артынан суроо берип аябай кызыгышты. Улам бизден уккан нерселерин ата-эне, тууган-досторуна айтып жайылта башташты. Бул мен үчүн кубанычтуу көрүнүш болду.
Негизи, карагатты “сары жыгач” деп аташчу дешет. Себеби, тоодо өскөн башка өсүмдүктөргө караганда өңү агыш болуп, тамыры саргыч тартып турат экен. Жапайы чыны карагаттын мөмөсүн ата-бабаларыбыз дарычылыкка колдонуп, кадимки тумоо, жөтөл, бронхит ооруларын айыктырууга колдонушкан. Жалбырагын, сабагын, тамырын демдеп ичип, кан басым, бөйрөк, боор ооруларына пайдаланышкан.
Бегайым Мурзалиеванын карагатты айыл арасында көбөйтүп жатканынын дагы бир себеби бар: айылда өскөн карагат менен тоодо өскөн карагатты кыйыштырып, карагаттын жаңы сортун алса болот дейт ал. Ал эми багып өстүрүүдөгү аракеттери боюнча мындай маалыматтарга токтолду:
- Биздин иште сугат жагы кыйынчылык туудурганынан, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуудабыз. Ар бир ишти жаңы баштаганда катачылыктар болбой койбойт экен. Башында жашылча адистигиндеги адамды чакырып алып, отургузуу иштеринде мүчүлүштүктөр кетип калды. Ал карагаттардын баары болбосо дагы, жарымы өсүп чыкты. Андан кийинки иштерибизде катачылык кетирип албаш үчүн, Ат-Башы токой чарбачылыгынын адистери менен иштеше баштадык. Кийин ушул токой чарбачылыгынан 200 түп карагатты ИСУР фондунун колдоосу менен сатып алып, жергиликтүү элдерге таркатып бердик. Буга кошумча дагы бир долбоордон 300 түп карагат утуп алып, аны көп үй-бүлөлүүлөргө берип чыктык. Мен айылдагы ар бир үйдүн короосунда карагат болушун, алар ошол ишинин үзүрүн көрүшүн чын дилимен каалайм.
Карагатты олтургузууда эске алчу нерселер
Негизи карагатты олтургузуунун эң жакшы убагы болуп күз мезгили эсептелет. Бирок, биздин Ат-Башыда сууктун эрте түшкөндүгүнө байланыштуу, жаз алды менен отургузууну эп көргөм
- дейт долбоордун жетекчиси:
- Шартка жараша карагат олтургузуу ишибиз март айынын орто чени, апрелдин башына туура келген. Карагаттын калемчелерин алуу үчүн атайын адистерди чакырганбыз. Алар биз менен тоого барып, карагаттын бутактарын калемче кылып (тамыры жок) кесип беришкен.
Карагат өсүмдүгү сууну, нымдуулукту жана күндү сүйгөндүктөн, аны олтургузууда өзүнүн жол-жобосун сактап, алгач ыңгайлуу жерди тандап алуу оң. Аралыктарын болсо 1-1,5 метр, ал эми тереңдигин 40-50 см ге чейин казып алуу туура. Болбосо, өсүп-чоңойгондо бири-бирине ыңгайсыздык жаратып калат. Олтургузаарда, жердин үстүндөгү өлүү топуракты өзүнчө бөлүп салуу зарыл. Сугарууну кечке маал жүргүзсө, жер кургап кетпей нымдуулук тамырына чейин жетип, түнү менен суу сиңирген өсүмдүк эртең мененки күндө ого бетер жайкалып өсөт.
Жаратылыштын байлыгы, элдин саламаттыгы үчүн кумурскадай эмгектенип салым кошуп жаткан Бегайым Мурзалиевадай адамдар жерибизде көп болушун каалап, кийинки муундар мындай адамдардын жакшысын улантып турса дейбиз. Журтубузда алкоого арзырлык, жалпыга жагаарлык иштер күндөн-күнгө көбөйө беришине ар бирибиз себепкер бололу!
Нурзат КАЗЫБЕКОВА