Жаратылыш – бул биз, сен жана мен

Бир кезекте бул аалам – жашылдыгы оңорбу,
Же болбосо согулуп – топондой болуп тозорбу…

“Акыркы дарак кыйылганда, акыркы дарыя булганганда, акыркы балык жок болгондо гана акчаны жеш мүмкүн эмес экенин түшүнөсүңөр”.

(Индей элинин накылы)          

“Дүнүйө-мүлктүн көптүгү байлык эмес, көңүлдүн токтугу байлык”.

(Кыргыз макалы)            

Адамдын организми ар бир мүнөттө таза абага, ар бир күнү сууга, жаркыраган күндүн нуруна, айланадагы өсүмдүктөргө муктаж. Жаратылыш байлыктарысыз адамзаттын бар болуп жашап туруусу мүмкүн эмес...

Кайдыгерлик

Эгер жаратылышта кандайдыр бир өзгөрүү болсо, ал нерсе сөзсүз адамга таасирин тийгизет. Бирок, акыркы мезгилдерде адамдар өзүбүз анын өзгөрүүсүнө түрткү берип жаткандайбыз. Болгондо да, терс, аянычтуу жагынан.

Ата-бабаларыбыз эзелтеден “Аккан сууга түкүрбө”, “Булак башын булгаба”, “Сууну ысырап кылба”, “Жалгыз даракты кыйба”, “Көк чөптү жулба”, “Токойду өрттөбө” деген өңдүү нуска сөздөрү менен тарбия берип, табиятка байланыштуу ырым-жырымдарды катуу карманышкан. Алар жаратылыш менен жуурулушуп, шайкештикте жашашкан.

Азыр болсо андай баалуу түшүнүктөрдөн алыстап, жаратылышка болгон сый мамилени солгундаттык. Болжол менен, дүйнө жүзүндө ар бир адам күнүнө 2 кг таштанды таштайт экен. Тилекке каршы, таштандыларды аккан сууга да, тоо койнуна да, жайыктагы көк шиберге да, талаа-түзгө да эч капарсыз ыргытып коюп кете берүү айрымдар үчүн адатка айланган.

Эгерде адамзат жылдан-жылга ушундай салкын мамиле менен табиятты таштандыга толтура берсе, абаны завод-фабрикалардан жана автоунаалардан чыккан түтүндөр менен, газдар менен булгай берсе, тоо-токойду кыйратууну токтотпосо, агын суу менен көлдөрдү таза кармабаса, жан-жаныбарларды сактай билбесе – бул демек, адамзат өзүнө-өзү кол салып жатканы жана кайдыгерлигине жараша жаратылыш да сөзсүз түрдө өзүнүн жообун берерин унутканы деп билишибиз керек.

Адам жана табият боюнча бир мисал келтирейин: Улуу Британияда адамдарды үч топко бөлүшөт, ар бир топто 130 адамдан болот. Биринчи топко жашыл жаратылышта, токой ичинде убакыт өткөрүү сунушталат. Экинчи топ ошол эле жаратылышты сүрөттөрдөн көрүп туруу тапшырмасын алат. Акыркы топко эч нерсе сунушталбай, күнүмдүк жашооңорду уланта бергиле деп айтылат. Арадан бир нече жума өткөн соң, үч топтогу адамдарды кайрадан чогултушат. Жыйынтыгында, берки эки топко салыштырмалуу токойдо убакыт өткөргөн адамдардын көңүлү тынч, жүзү жайдары, өздөрү сергек жана мээримдүү экени дароо байкалат. Ал эми жаратылышты жок дегенде сүрөттөн көрүп таасирленген топ үчүнчү топтон бир аз айырмаланат.

Бул экспериментти жүргүзгөндөр биз жаратылыштын бир бөлүгү экенибизди, адамдын ички табияты жаратылыштан гана ар тараптуу жана эң күчтүү кубатты, күчтү, тынчтанууну алаарын далилдегиси келген. Мына ушундай эле көрүнүштү күнүмдүк жашоодо шаар ичиндеги жашоочулардан байкасак болот. Шаардын сейил бактарында жөө басып эс алууну, абада чуркап машыгууну адат кылган адамдар менен үй-жумуштун ортосунда гана жүргөн адамдардын ортосунда чоң айырмачылык бар.

Жан дүйнө жардылыгы

“Дүнүйө опа болбойт” дешип, кыргыз эли байыркы мезгилде ашыкча дүнүйө чогулткан эмес эле. Өздөрүнүн тиричилигине, жашоо-шартына керектүү нерселерди гана пайдаланып, эң негизгиси адам менен адам мамилесиндеги адепти, ортодогу көңүлдү жогору баалап, табият менен шайкештикте жашоонун өзү Кудайдын улуу эрежеси, төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки адамдын парызы, тартиби, адеби деп түшүнүшкөн.

Ушул заманбап мезгилде индустриялуу өлкө болууга ченемсиз умтула бергенибиз, жашообузду жеңилдетчү жаңы технологиялардын зыян же зыян эмесине карабай ага азгырыктуу түрдө жанталаша бергенибиз, албетте, кейиштүү нерсе. Мындай учурда Жараткандын тараза ташын эске алуу, жан дүйнө абалына баш багуу, акылга келүү оң.

Жашообузду камсыздап турган улуу Жаратылышты, ыйык Жер Энени бузулууга түртүп жатканыбыз – табияттын сырын тааныбай, касиетине маани бербей, материалдык дүйнөгө гана басым жасап, руханий дүйнөдөн алыстап турганыбыздын кесепети. Жан дүйнөбөзүдөгү жардылык - бул өмүрдө биз жөн гана жолоочу экенибизди унутуп койгонубуз.

Ооба, жаратылышка жаны күйгөн, табиятты сактап калалы деп чоң аракеттерди кылган дүйнөлүк жана жергиликтүү уюмдар, жеке адамдар жок эмес. Бирок алар канчалык жазып, айтып, кайрылып аракет кылбасын, ошол азчылыктын күчүн көпчүлүктүн кайдыгерлиги басып кетип жаткандай. Ошондуктан, аба жуткан ар бир адам, суусуз жашай албаган ар бир эл табиятты сактап калуу үчүн өз көмөгүн көрсөтүүсү зарыл. Себеби, адамзат ысырап кылып жаткан жаратылыш байлыктары өзүнөн-өзү калыбына келбейт. Алардын да түгөнчү күнү бар. Ошол учурда бизден кийинки муундар, өзүбүздүн эле урпактар кантип жашаар экен деп ойлонолу.

Табияттын талкаланышы эмнеге алып келет?

Адам баласы жер жүзүнө жаралгандан бери өсүмдүк, жаныбар, мөңгү жана суунун курчоосунда жашайт. Жаратылыштын негизин түзгөн таза суу, өсүмдүк жана жаныбарлар бири-бири менен тыгыз байланышкан. Алардын бирөөсүндөгү өзгөрүү сөзсүз экинчисине таасирин тийгизет. Азыркы учурда суунун оңбогондой булганышы, анын тартыштыгы, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын акырындап азайып жатышы канча маселелерди жаратып жатат.

Белгилүү эколог, өмүр бою биология, зоология, география жаатын изилдеген окумуштуу, профессор, КР илимдерине эмгек сиңирген ишмер Эмил Шүкүров белгилегендей: “Жаратылыштагы эң чоң жырткыч, бул адамдын өзү болууда. Акыркы жүз жылда адамзат өзүн өзү жок кылуу жолунда тездик менен баратат” деген сөзүндө калет жок.

Ооба, көр пастыгыбыздан бүтүндөй жашоо жоголуп кетишин эске албай, учурда утурумдук “жалтырактарга” гана берилип жаткандайбыз.

Бир кезекте бул аалам,
Чакыйган муңдай тоңорбу.
Же болбосо от болуп,
Жашылдыгы оңорбу.
Же болбосо согулуп,
Топондой болуп тозорбу.
Мына ушинтип дүйнөдөн,

Адамзатты жоёрбу, - деп ойчул акын Асан Кайгы ырдагандай, “Эгер керемет ааламды адамдар өзүбүз кыйратып алсак эмне болот?” деген түйшөлүү менен интернет булактарындагы жаратылыш боюнча маалыматтарга көз салдым да, “Эгер..?” деген суроолорума ал жерден төмөнкүдөй жоопторду алдым:

Эгер жер бетинен жан-жаныбарлар жок болуп кетсе...

Жаныбарлар жер бетинен жок болсо, алардын соңунан дароо эле өсүмдүктөр жок боло баштайт. Анткени, курт-кумурскаларсыз өсүмдүктөрдөгү чаңдашуу процесси жүрбөй калат. Мындайда шамал жана жамгырдын жардамы менен чаңдашкан өсүмдүктөр гана жашай алат. Дан өсүмдүктөрү, мөмө өсүмдүктөрү жокко эсе болуп, адамдарга жүгөрү, карагайдын тобурчагы өңдүү өсүмдүктөр менен азыктанганга туура келет. Ал эми деңиз, көл, дарыялардагы жаныбарлар жоголсо, суудагы керектүү заттардын өлчөмү азайып, аны менен кошо суу өсүмдүктөрү да жок болот. Дегеле, жаныбарлар менен канаттууларсыз, ЖЕР аттуу планета ырыскы берип турчу касиет - абалынан таптакыр ажырайт.

Эгер жер бетинен өсүмдүктөр жок болсо...

Биз өсүмдүктөрдүн жардамы менен дем алабыз. Дүйнө жүзүндөгү баардык жашыл өсүмдүктөр жылына 200 миллиард тонна көмүр кычкыл газын сиңирип алып, 150 миллиард тонна кычкылтекти бөлүп чыгарышат. Эгерде өсүмдүктөр жер бетинен жок болсо, көмүр кычкыл газын кычкылтекке алмаштырган жашыл өсүмдүктөрдөгү хлорофил данчалары да жок болот. Фотосинтез процесси жүрбөй, жыйынтыгында жаныбарлардын жана адамдардын дем алуусу кыйындайт. Абада кычкылтектин жок болушу тирүү органимздин жашоосунун токтошуна себеп болот. Андан тышкары, жашылча- жемиштердин жок болушу организмде витаминдин азайышына алып келип, оорунун санын көбөйтөт. Өсүмдүк менен азыктанган жаныбарларды сактап калыш үчүн, аларга башка азыктарды таап берүүгө туура келет.

Эгер мөңгүлөр жер бетинен жок болсо...

Адамдар көбүнчө жылуу, жашоого ыңгайлуу жерлерде жашагандыктан, жүздөгөн жылдыр бою тоонун чокусунда тоңуп турган мөңгүлөргө көп деле маани бере бербейт. Бирок, эгер мөңгүлөр жок болсо, алгач эле иче турган суунун тартыштыгы көйгөйгө айланат, климат өзгөрүп, абанын нымдуулугу азаят. Кургакчылыктын болушу өсүмдүктөрдүн санынын кыскарышына алып келет. Электр энергиясын алуу үчүн мөңгүдөн аккан сууларды колдонгон мамлекеттер жарыксыз калат. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Учурда дыйканчылык менен алектенген адамдардын көпчүлүгү мөңгүдөн келген суулар менен талааларын сугарышат. Эгерде мөңгүлөр жер бетинен жок болсо, талааларды сугарганга суу жок болуп, жыйынтыгында бул нерсе ачарчылыкка алып келиши мүмкүн.

Эгер таза суу жер бетинен жок болсо...

Таза суу таптакыр болбосо, анда бүтүндөй экосистема бузулуп, адамдар, жаныбарлар, канаттуулар, өсүмдүктөр - жалпы тиричилик кыйроого учурайт. Кокус таза суусуз калсак, адамдар алгач жер планетасынын 70%ын ээлеген туздуу сууну тузсуздандырып колдонгонго аракет кылышат. Бул албетте океанга жакын жашаган адамдарга гана мүмкүн. Ал эми кургак жерде жашагандар суусунун кандырыш үчүн өсүмдүктөрдүн суусун сыгып алып ичкенге мажбурболушат. Мунун өзү албетте планетабызды коркунучтуу өзгөрүүлөргө түртүп, адамзаттын кырылышына алып келет.

Эмне кылуу керек?

Жаратылышка болгон сүйүү, ага болгон аяр мамиле акыл-насааттуу тарбия алуудан башталат деп ойлойм. Табиятка кандай мамиле кылсак, бул, өзүбүзгө ошондой мамиле кылып жатканыбыз. Ал үчүн жаратылыштын жашообуздагы негизин, маанисин, таасирин беш колубуздай билишибиз керек. Сөзсүз эле баардыгы кыйрап жок болгондо эсибизге келбей, азыртан кетирилген кемтиктерди толуктоо үчүн кам көрүп, жан дүйнөбүздү оңдоп, балдарга бала-бакчадан, мектептен тарта жаратылышка болгон мамилени аң-сезимдерине сиңирүүбүз абзел. Анткени, биздин бүгүнкү аракетибиз - бул эртеңки берекетибиз жана жаркын жашообуз деп ишенем.

Image

Назгүл ӨМҮРЖАНОВА

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.