Коомдук - руханий гезити

“Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун алдында негизделген Нукура Кыргыз Журналистикасы мектеби 2019-жылдын март айынан август айына чейин долбоор катары өтүп, анын алкагында окутуулар жана практикалык иштер жүргүзүлдү. Долбоорду “ИСУР” коомдук фонду колдоого алып,  “Бирдиктүү Өнүгүү” коомдук фонду тарабынан ишке ашты. Өнөктөш уюм катары “Журналисттер” коомдук бирикмеси долбоорго көмөктөштү.

НКЖ - Нукура Кыргыз Журналистикасы Мектеби

Атайын чыгарылыштагы бул гезитте окурмандарыбызды, санаалаштарыбызды жана өнөктөштөрүбүздү НКЖ мектебинин алгачкы окуучуларынын экология, салттуу билим жана өнөр, ошондой эле биомаданий ар түрдүүлүк багытында жазган макалалары менен тааныштырабыз.

Жаш журналисттердин кесиптик жана чыгармачылык жактан сапаттуу жетилишин көздөгөн НКЖ мектеби учурда ишин өз алдынча улантууда. Бул агартуучулук ишмердүүлүк - медиа тармагында көп жылдан бери эмгектенген, тажрыйбалуу, өз көрүүсү бар, ошондой эле социо-экологиялык, адеп-укуктук мекенчил журналистика багытын баштап келе жаткан жигердүү жарандардын көз карандысыз демилге-иши болуп саналат.

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.